Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:35

Адвокат: Кадыр Досоновдун ишин кыскартууга негиз түзүлдү


Кадыр Досоновго карата козголгон кылмыш иш кыскартылышы керек. Мындай пикирин бүгүн «Азаттыкка» анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди. Жактоочунун айтымында, полковник Толкун Шоноевдин өлүмүнө Кадыр Досоновдун тиешеси жок:

- Шоноевди өлтүрүүгө буйрукту Кадыр Досонов берген деген көрсөтмөнү Кадыр Сайдиевден кыйноо жолу менен алышкан. Ал азыр күнөөсүн толук моюнуна алды, бирок Досоновдун буйруганы тууралуу көрсөтмөсүнөн баш тартты. Ошондуктан иш кыскартылышы керек.

Ал эми Кадыр Сайдиевди кармоого катышкан Ош облустук милициясынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов Досоновдун жактоочусунун дооматтарын четке кагууда.

Мурда да карактоо, маңзат соодасы жана адам уурдоого байланышкан оор айыптар тагылган "Женго" деген каймана аты бар Кадыр Досоновдун өкүл баласы деген Кадыр Сайдиев Шоноевдин өлүмүнө шектелип камалган. Анын артынан Досонов өзү да кармалган болчу.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев 2013-жылы үйүнүн жанынан киши колдуу болгон. (YI)

XS
SM
MD
LG