Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

ИМ тобунун Ирак менен Сириядагы турумдарына сокку урулду


Кобанинин уруштан кийинки көчөлөрүнүн бири. 30-январь, 2015-жыл.
Кобанинин уруштан кийинки көчөлөрүнүн бири. 30-январь, 2015-жыл.

Акыркы 24 саат ичинде “Ислам мамлекети” тобунун Ирак менен Сириядагы 14 турумуна сокку урулганын операцияга жетекчилик кылып жаткан жумушу топ кабарлады.

Аба соккулары Иракта ИМ тобунун Байжи, Тал -Афар, Фаллужа, Мосул шаарынын жанындагы турумдарына жана унааларына жасалган.

Ал эми Сириядан аба соккулары Хасака, Ракка, Кобани шаарынын жанындагы турумдарына урулду.

Бул аралыкта күрт расмий өкүлдөрүнүн жана активисттердин бүгүнкү маалыматына караганда, күрттөр жана аларга өнөктөш күчтөр Кобанини курчаган кыштактардан “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин сүрүп чыгарышты.

“Ислам мамлекети” тобу Сириянын күрттөр жашаган Кобани шаарын жана анын айланасындагы айылдарды былтыр сентябрдын ортосунан бери көзөмөлдөп келген.

Бул өз кезегинде оң миңдеген күрттөрдүн коңшу Түркияга качышын шарттаган.

Кобанини быйыл 26 –январда “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринен тазалоого коалициялык күчтөрдүн аба соккулары да жардам берди. (UE)

XS
SM
MD
LG