Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Каптагаев: Көлбаевдин аты ат майданга туура эле берилген


Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атасы Асанбектин ысымынын Чолпон-Атадагы ат майданга берилиши туура. Мындай оюн өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев “Азаттыкка” билдирди:

- Асанбек Көлбаев өмүрүнүн аягына чейин райондук спорт комитетин жетектеген. Райондо анын аброю чоң. Эми эч ким баласынын келечеги кандай болоруна кепилдик бере албайт да. Бирок анын райондогу спортту көтөрүүгө салымы чоң экенин айтып коюу керек, - деди Каптагаев.

Бүгүн “Ата Мекен” фракциясы ат майдандан Көлбаевдин ысымын алуу боюнча чукул жыйын өткөрүп, ага тиешелүү бийлик жетекчилери да катышты. Жыйында күч органдары боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Көлбаевдин ысымы ат майданга премьер-министрдин макулдугусуз коюлганын айтып, бул иш мыйзамсыз деп белгиледи.

Маркум Асанбек Көлбаевдин ысымы аталган ат майданга 2012-жылдын августунда ыйгарылган. Маалыматтарга ылайык, Көлбаевдин атасы Ысык-Көл райондук спорт комитетин 34 жыл бою башкарган. Ал кылган иши үчүн, республиканын эмгек сиңирген машыктыруучусу деген наамга татыган.

Аталган ат майданда сентябрь айында “Көчмөндөр оюну” аттуу эл аралык спорттук мелдеш өткөрүлөт. (UEz)

XS
SM
MD
LG