Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Каримованын жардамчысынын жоголушу боюнча кылмыш иши козголду


Г.Каримованын "Твиттердеги" баракчасынан алынган сүрөт.
Г.Каримованын "Твиттердеги" баракчасынан алынган сүрөт.
Бүгүн Өзбекстандын Башкы прокуратурасы президенттин кызы Гүлнара Каримованын мурдагы жакын жардамчысы Нурмухаммад Содиковдун жоголуп кетиши боюнча кылмыш ишин козгоду. Бийликтер буга себеп болгон жагдайлар жөнүндө кеңири маалымат беришкен жок. Болгону кылмыш иши “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” жана “адам уурдоо” деген негизде жүргүзүлөөрүн айтышты.

6-ноябрда “Азаттыктын” өзбек редакциясына өзүн Содиковдун күйөө баласымын деп тааныштырган Анвар Махатов деген киши анын жездесин январда Гүлнаранын “адамдары” уурдап кетишкенин айткан. Ошол эле күнү Твиттерде Каримова өзү “Содиков жоголгон эмес, үйүндө эле жүрөт” деп жазды.

Ушул апта башында Каримова анын мурдагы жансакчыларын коопсуздук кызматтары камашканын айткан. Өткөн аптада болсо Каримова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Рустам Иноятовду “президент болом деген дымагы бар” деп айыптаган. Ал арада, Гүлнара Каримованын бир топ телерадио компаниялары жабылган, аларды каржылаган ишкананын банктагы эсептери камакка алынды.

XS
SM
MD
LG