Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Караколдо Карасаев музейи ачылды


Каракол шаарынын Пржевальский атындагы меморалдык комплексинде залкар окумуштуу, түрколог Кусейин Карасаевдин музейи ачылды. Салтанаттуу иш-чарага парламент депутаттары, маркумдун жакындары, жубайы Айша апа жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Окумуштуунун арбагына багышталып куран окулду, анын өмүрү, эмгек жолу эскерилди. Музейди куруу демилгесин көтөрүп чыккан Жумакан Карасаевага “Облустун мыкты атуулу” наамы тапшырылды. Курулуш иштери былтыр августта башталган. 5,8 миллион сомду “Кумтөр” компаниясы каржылаган Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду бөлүп берди. Каракол мэриясы тарабынан да каражат бөлүндү. Жалпысынан музейге 7,5 миллион сомдой каражат кетти. Кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог, филология илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Кусейин Карасаев 1901-жылы көлдүн Кең-Суу айылында туулган. 97 жашында көз жумган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG