Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Асад: химиялык куралды өткөрөбүз


Президент Башар Асад Сирия химиялык курал арсеналын эл аралык көзөмөлгө өткөрөөрүн билдирип, бул АКШ аскерий сокку менен коркуткандан эмес, Орусиянын аракеттеринен улам жасалууда деп тактай кетти.

Бүгүн “Россия 24” телеканалына курган маегинде Асад Дамаск куралды өткөрүү боюнча келишимди даярдоо үчүн тиешелүү документтерди БУУга тапшырат деди.

Бул маселе бүгүн Женевада башталып жаткан АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрүндө талкууланмакчы. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусуна эки тараптан химиялык курал боюнча эксперттер катышмакчы.

Москва сунуш кылган планга ылайык, Сириянын химиялык курал арсеналы эл аралык көзөмөлгө алынып, кийин жок кылынат. АКШ президенти Барак Обама болсо дипломатиялык жолдорго мүмкүнчүлүк берүү үчүн аскерий операцияны баштабай турууну чечти. Орусиянны президенти Владимир Путин болсо “Нью-Йорк таймс” гезитиндеги макаласында Сирияга сокку уруу терроризмдин жаңы толкунуна түрткү бериши ыктымал деп эскертет.

XS
SM
MD
LG