Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:14

Көз сурмасына пластикалык операция жасаткандар көбөйдү


Пластикалык хирург Кылычбек Кенжебаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, акыркы кездерде айрыкча кыздар арасында операция аркылуу сурма коюп көзүн чоңойтууну каалагандардын саны арбыды. Силикон көкүрөктүү болгусу келгендер да көбөйгөн. Имплантанттар Кытай, Франция, Орусиядан жасалып алынып келингендиктен, баалары да ошого жараша болот. Мисалы, көзгө сурма койдуруунун баасы эки жүз доллардан жогору. “Ар бир нерседе эле шишип, ооруйт. Бирок операциядан улам козголгон чоң коркунучтар Кыргызстанда азыр каттала элек”,-дейт К.Кенжебаев. Хирургдун айтымында, соңку мезгилдерде эркектер арасында да жүзүн өзгөртүүнү каалагандар жок эмес. Мурдун, кулагын, айрым учурда көзүн өзгөртүп, бырыштарды алдырып, жашаргандар да бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG