Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:15

БАЗАР БЭЭЖИНДИ БАГЫНДЫРАБЫ?


Дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп турган Бээжин олимпиадасына саналуу гана күндөр калды. Кыргызстандык спортчулардан биринчи болуп Бээжин Олимпиадасына жолдомо алган эркин күрөш боюнча Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Базар Базаргуриев да Олимпиаданын алтын байгеси үчүн аракет кылаарын “Азаттыкка” билдирди. Себеби ал жакында эле Орусияда өткөн эл аралык Гран-при мелдешинде күмүш байгенин ээси болду. Бээжинде өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга балбан Базар Базаргуриевдин даярдыктары кандай?

Кыргызстандык спортчулардан Бээжин олимпиадасына алгачкы жолдомону былтыр күзүндө эле Бакы шаарында өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Азия чемпиону Базар Базаргуриев жеңип алган. Ал ушул дүйнөлүк таймашууда жарым финалга чейин жетип коло байгелүү болуу менен Бээжинге жолу ачылган.

23 жаштагы бурят жигити 3 жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп келатат. Ошондой эле Базар былтыр Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатында финалда жапон балбанын утуп, Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынган.

Бурят балбан жигити Базар төрт бир туугандын кенжеси. Агаларынын жолун жолдоп эркин күрөш менен машыкканына он жылдан ашты. Ата-энеси Орусиянын Улан-Удэ шаарында жашайт. Базар дагы ушул шаардагы Бурят мамлекеттик университетинин дене тарбия жана спорт факультетинде билим алууда. Ал уландар арасында Орусиянын чемпиону да болуп саналат. Чынында эле Орусиядагы чыгаан балбандардан ага жол тийбестигин түшүнгөн Базар Базаргуриев үч жылдан бери Кыргызстандын атуулдугун алып, 60 кг салмакта Кыргыз Республикасынын намысын коргоп келатат.

“Азаттык” менен болгон аңгемелешүүсүндө Азия чемпиону Базар Базаргуриев Кыргыз жери, эли жагаарын, жаратылышы өзгөчө керемет, суусу жана абасы таза экенин айтып, кыргыз эли менен буряттардын каада-салттарында да окшош экенин моюнга алды:

-Кыргызстандын жаратылышы өзгөчө жакты. Ысык-Көл не деген керемет. Кыргыз эли да абдан меймандос, кичи пейил, балбандарды барктаган калк экен. Бул жактан абдан көп дос, жоро-жолдош таптым.

Азия чемпиону Базар Базаргуриев алдыдагы максаты Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргоп, баш байгени утуп, олимпиада чемпиону болуу экенин “Азаттыктын” кабарчысына билдирди:

-Былтыр Бакыдагы дүйнө чемпионатынан Бээжин олимпиадасына катышууга жолдомо алгандан бери машыгуудамын. Ысык-Көлдө машыгууда болуп келдим. Орусиядагы Кисловодскиде өткөн мелдешке да барып, күмүш байгелүү болдум. Эмки максат Бээжиндеги олимпиадалык оюндарда мөрөй алып, чемпион болуп, олимпиадалык алтын медаль тагынуу.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов Бээжин олимпиадасында кыргызстандык балбандардан үмүт зор экенин белгилеп өттү:

-Айрыкча эркин күрөштөн Базар Базаргуриев баш байгеге талапкерлердин бири болушу мүмкүн. Бээжин олимпиадасында эркин күрөштөн балбандарыбыз Арсен Гитинов, Алексей Крупняков жана жашында таанылган ушул Базар Базаргуриев байгелүү орундарга жетип калабы деген үмүт чоң. Спорт деген спорт да, ар кандай күтүлбөгөн кубанычтар болушу ыктымал.

Өлкөнүн Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаевдин пикиринде Базар Базаргуриевдин Бээжинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндарга даярдыгы жакшы. Ал учурда Орусиянын Улан-Удэ шаарында машыгуусун өткөрүүдө.

-Жакында эле Кисловодскиде эркин күрөш боюнча эки эгиз олимпиада чемпиондору Белоглазовдордун байгесине арналган эл аралык Гран-При мелдешинде 20дан ашуун өлкөнүн балбандары куч сынашып, бул мелдешти кыргызстандык Базар Базаргуриев финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынды. Финалда атайын жаракат алып калбасын, Бээжинге бараар алдында ар кандай болуп кетпесин деп кооптонуп болгон күч- кубаты менен күрөштүрбөй, көп жашыруун ыкмаларды элге жарыялабай койдук. Эми Базар Базаргуриев учурда өз мекени Улан-Удэ шаарында акыркы машыгуусун өткөрүп жатат. 10-августта Бишкекке келип, Ысык-Көлдө бир жумадай акыркы машыгууларды өткөрүп, табын сактайт. Бээжинге 17-августта күрөшөөргө жакын калганда гана барат. Учурда ал табына келип турган чагы. Ошондуктан Бээжинде балбан Базар Базаргуриев баш байгеге талапкерлердин бири болушу толук ыктымал.

Бээжин олимпиадалык оюндары спорттун 28 түрү, 35 дициплина боюнча өткөрүлмөкчү. Олимпиаданын оту 8-августта жанып, ал 17 күн күйүп, таймашууларга 203 өлкөнүн 11 миндей спортчусу катышат. 21 миңден ашуун дүйнөнүн ар тарабынан келген спорт журналисттери Бээжин олимпиадасын чагылдырып турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG