Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:46

КЫТАЙДА “МАНАСКА” АРНАЛГАН ЖЫЙЫН ӨТТҮ


Фатима Абдалова,Бишкек Кечээ жакында Кытайда манасчы Жусуп Мамайдын манасчылыгына жана “Манас” эпосун дагы кеңирилетип изилдөөгө арналган эл аралык илимий конференция өттү. Конференцияга кыргыз окумуштуулары да барып катышып келди.

Кытайда өткөн бул эл аралык конференцияга Кыргыз республикасынын мамлекеттик катчысы Дастан Сарыгулов, кыргыз окумуштуулары жана студенттер катышты. Конференцияда манасчы Жусуп Мамайдын манасчылыгынын өзгөчөлүгү, көркөмдүгү жана албандыгы тууралу айтылды. Жусуп Мамайдын айтуусундагы “Семетей” эпосу толук бойдон Кеңеш Кырбашевдин аракети менен азыркы кыргыз арибине түшүрүлгөн. Андан сырткары “Эл адабияты” сериясынан Жусуп Мамайдын “Толтой”, “Багыш” деген дастандары жарык көргөн. Манасчы Жусуп Мамайдын манасчылыгынын өзгөчөлүгүн бул конференцияга катышып келген белгилүү окумуштуу Манас таануу жана көркөм маданиятты жайылтуу борборунун директору Абдылдажан Акматалиев төмөндөгүчө белгиледи:

Бул манасчынын негизги өзгөчөлүгү – бизде эгер Манастын үч эле мууну айтылып жүрсө, Жусуп Мамайдын айтуусунда бир топ урпактарга чейин айтылат экен. Экинчиден көлөмү да чоң. 340 миң сап ыр. Дагы бир негизги өзгөчөлүгү: эгер башка манасчылар оозеки түрүндө төгүп айтышса, ал эми Жусуп Мамай болсо мурда төгүп айтчу экен, ал эми акыркы 15 жылда билгенин өзү кагазга да түшүргөндүгүндө.

Кытай кыргыздары менен Алатоолук кыргыздардын окумуштуулары “Манас” эпосун изилдөөдө тыгыз байланышта болуп, бир тараптын изилдөөсүн экинчи тарап толуктаганы болбосо, кайталабоо жөнүндө тыянакка келишти. Кытайлык кыргыздарда болуп келген Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов “Манас эпосун изилдеп келаткан Кытайлык кыргыз окумуштууларын атады:

Бизде кыргыздарда дүйнөлүк цивилизацияга чыгуунун эки жолу бар. Биринчи орус тили аркылуу, экинчи Кытай аркылуу. Ошол жолго Кытайдагы кыргыздар көпүрө болуп берет. Азыр Кытай кыргыздарында интеллектуалдуу көп жаштар бар. Мына ошолор келечекте кыргыз элине көп жакшы иштерди тартуулайт деп ойлойм. Алардын арасында Адил, Мамбет Турду, Макелек Турду, Жаанбай деген жаштар бар. Булардын келечекте кыргыз элине пайдасы чоң.

Жакында эле Кыргызстанга кыргыз “Манас” изилдөөчүлөрүнүн эмгектери менен таанышуу максатында окумуштуу, Манас изилдөөчү Мамбет Турду келип кетти. Мамбет Турду “Азаттыкка” берген маегинде буларды белгиледи:

- Азыр “Манас” эпосун изилдөө Кытайда өтө чоң, кызуу тема болуп жатат. Биз “Манас” эпосун изилдөө үчүн алды менен Kыргызстанда эпос кайсы деңгээлде изилденди деген нерсени билүүбүз керек. Анан ошолордун негизинде изилдөөбүздү улантышыбыз керек. Бирок бири-бирибизди кайталабашыбыз керек. Биз башкалар изилдеп болгон темаларды билгенде гана жаңы багыттар боюнча бет алабыз деп ойлойм.

Конференциянын жыйынтыгында “Манас” эпосунун али толук изилденип бүтөлектиги, эпосту ар тараптуу изилдөө али алдыда турганы белгиленди. Бул тууралу белгилүү адабиятчы Абдылдажан Акматалиев мындай оюн билдирди:

- Чындыгында “Манас” эпосу жалпы дүйнөдөгү чоң чыгарма экендигине дагы бир жолу маани бердик. Анткени кытайлыктар: өздөрүндө үч үлкөн чыгарма болсо, ошонун бири “Манас” деп жарыялаптыр. Демек, “Манасты” изидөөнү биз жаңыдан гана баштап жатыптырбыз. Көп проблемалар алдыда экен. Чынында Манастын образы ачыла элек экен. Көрсө биз Манастын тегерегинде жүргөн экенбиз.

“Манас” эпосун изилдөө маселеси менен жакында Кыргызстанга Кытайдан Өмүрбек Макелектин келиши күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG