"Маариф" мурдагы "Сапат" фондуна караган лицейдин мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияда диниятчы Фетхулла Гүлендин "кыймылына байланышы бар" делген негизде кармалганы маалым болду.
"Маариф" (мурдагы "Сапат") фондуна караган лицейдин мугалими Түркияда диниятыГүлендин кыймылынан улам кармалганы ачыкка чыкты.Тышкы иштер министрлиги муну ырастап, мугалим менен үй-бүлөсүн сүйлөштүрүү аракети болуп жатканын билдирди. Укук коргоочулар маселени президенттер гана чечерин айтып жатат.
"Маариф" (мурдагы "Сапат") фондуна караган лицейдин мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияда динияты Фетхулла Гүлендин кыймылынан улам кармалганы ачыкка чыкты.
Түндүк Корея аскерлери Украинага каршы согушуна аралашканын расмий ырастады. Президент Трамп Путинден Украинага сокку урууну токтотуп, тынчтыкка жетүүнү талап кылды. Прокуратура “Апрель” телеканалынын ишмердигин токтотууну өтүнүп, сотко кайрылды.
Расмий Пхеньян алгачкы жолу түндүк кореялык аскерлер Украинага каршы согушка аралашканын ырастады. Орус президенти Владимир Путин аларга Курск облусун бошотуудагы салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Бишкектин чет жакасындагы Молдовановка айылын көптөр абак жайлар менен байланыштырат. Үч миңдей калк жашаган айылдын бир кылымдык тарыхы дагы концлагерлерден башталган. “Данисте” бул жолу абак жайлардын айланасына отрукташкан айыл турмушу тууралуу айтып берет.
Бишкектин Свердлов соту "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен абактан бошотту.
Жума күнү Украинанын Павлоград шаарында орус күчтөрүнүн соккусунан үч адамдын өмүрү кыйылды. Сегизи жаракат алды. Орусиянын бир күн мурда Киевди бутага алган чабуулунан каза тапкандардын саны 12 кишиге жетти.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланды. Алар Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган төрт адам тууралуу сөз кылганы маалым болду.
Ал арада Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек. Орус күчтөрүнүн Киевди бутага алган соңку ракеталык жана дрон чабуулунан тогуз адамдын өмүрү кыйылды.
“Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаков Оштогу “Орус үйүнүн” кызматкери, “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган кыргыз жараны Наталья Секеринаны бошотуп алышарын, бул окуянын жыйынтыгы жагымсыз болорун айтты. Орусиянын бул эскертүүсү эмнени билдирет?
АКШнын, Европа өлкөрүнүн жана Украинанын башкы дипломаттарынын бүгүн Лондондо өтө турган үч тараптуу сүйлөшүүсү жылып калды. Анда Украинадагы согушту токтотуу боюнча Вашингтондун сунушу талкууланат деп күтүлүп жаткан.
Дагы жүктөңүз