Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду 14-апрелде министрликке чакырып, Москва шаарындагы "Бодрость" мончосунда болгон окуя боюнча нота тапшырды.
АКШ, Евробиримдик, Бириккен Улуттар Уюму орус армиясынын 13-апрелде Украинанын Сумы шаарына жасаган кандуу чабуулун кескин айыпташты. Жекшембидеги кол салуу 35 адамдын өмүрүн алды. 117 киши жараат алды, алардын арасында 15 бала бар.
Кыргызстандын Конституциялык соту 2010-жылы Апрель ыңкылабында бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев боюнча чыккан сот өкүмү кайра каралат деген чечим чыгарды. Буга өкүм сыртынан чыгарылган деген жүйө себеп катары көрсөтүлгөн.
Кытай жарандарынын Украина же Орусиянын тарабында согушуп жатканы тууралуу маалыматтар согуштун алгачкы күндөрүнөн бери тараса да, Зеленскийдин акыркы билдирүүсү дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурду.
Кыргызстандын бир катар аймактарында милиция никаб кийип, жүзүн толук жаап жүргөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аалымдар кеңеши шариятта никаб парз эмес экенин айтса, укук коргоо органдары жүзүн ачып жүрүү боюнча талаптар коомдук коопсуздукту сактоо максатында киргизилгенин билдирди.
Жогорку Кеңеш 10-апрелде интернетке жарыяланган жалган маалымат үчүн айып салган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документке ылайык, жалган маалымат боюнча түшкөн арыздын негизинде милиция кызматкерлери тергөө жүргүзүп, сотко өткөрүп берет.
10-апрелде Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялады. Долбоордун маалыматы боюнча, алардын кеминде 38и каза болгон. “Хочу жить” бул тизме орус армиясынын атын атагысы келбеген өкүлдөрүнөн алынганын билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский орус тарапта согушуп жүргөн кытайлык аскерлер туткунга түшкөнүн маалымдады. Расмий Бээжин бул кабарларды текшерип жатканын билдирди.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда киши колдуу болгон 17 жаштагы Дарья Попованын өлүмүнө байланыштуу иш боюнча кезектеги отурум өттү. Кыздын өлүмү үчүн өгөй атасы айыпталууда. Бул жолу маркумдун апасынын туугандары, кошуналары күбө катары суралды.
Кыргызстанда 90 жакын адамдын өмүрү кыйылган, бийлик алмашуу менен аяктаган Апрель окуяларына туура 15 жыл болду. Анын курмандыктарын эскерүү иш чаралары Бишкек жана Талас шаарында өтүп, анда президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдонду.
Кривой Рог шаарында Орусия жасаган чабуулдан набыт болгондордун саны 20га, жаракат алгандар 75ке жетти. Украин бийлиги бул Днепропетров облусунда быйылкы жылдагы эң оор, адамдар эң көп каза тапкан сокку болгонун билдирди.
Кыргызстандык таксист Эрнис Бердиев Москвада жүргүнчүлөрдүн зомбулугуна кабылганын "Азаттыктын" "Мигрант Медиа" долбооруна айтып берди. Окуя 29-мартта болгон. Эрнис Бердиев аны эки адам сабаганын айтууда. Орусиянын полициясы окуя тууралуу маалымат бере элек.
Дагы жүктөңүз