Расмий Исламабад Индия жакынкы күндөрү Пакистандын аймагына сокку урууга даярданып жатканын билдирди. Эки коңшунун ортосундагы чыңалуу Индиянын Кашмир аймагында 22-апрелдеги кол салуудан 26 киши каза болгондон кийин курчуп кеткен. Улуттар Уюму, АКШ эки тарапты чыңалууну басаңдатууга чакырууда.
Орусия Украинага журналист Виктория Рощинанын сөөгүн кайтарып берди. Денеде кыйноонун тактары калганын, айрым органдары жок экенин "Украинская правда", "Важные истории" жана француз журналисттеринин Forbidden Stories концорциуму баштаган ондогон медиалардын иликтөөсүндө айтылат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети БШК депутаттык мандаттан ажыраткан Султанбай Айжигитов жана жубайы Гүлзат Жолдошовага кылмыш иши козголгонун, алардын бөгөт арасы аныктала турганын билдирди. Азыр Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын карап, үй камагына алды.
Зайырбек Ажыматов... Мекенчил акын, камкор ата, чыныгы дос. Кең дүйнөнүн алакандай бурчунда 44 жыл гана жашаган инсанды тааныгандар ушундай баа беришет. Кыска өмүрүндө далай кыргызга дем берген ырларды жазып кеткен Зайырбек Ажыматов биздин, кесиптештеринин эсинде чыныгы Адам бойдон калды.
Эл аралык мунапыс (Amnesty International) уюмунун Дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган баянмадасы 29-апрелде жарык көрдү. Анда 2024-жыл Борбор Азиядагы адам укуктары жаатындагы абал дагы оор сыноого кептелгени белгиленген.
"Маариф" (мурдагы "Сапат") фондуна караган лицейдин мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияда динияты Фетхулла Гүлендин кыймылынан улам кармалганы ачыкка чыкты.
Прокуратура Кыргызстандагы "Апрель" телеканалынын лицензиясын жокко чыгарып, социалдык тармактардагы баракчаларын жабуу арызы менен сотко кайрылды. Буга каналдын материалдарында азыркы бийликке каршы терс пикирлер бар деген үч экспертиза себеп болгон.
Жакында "Система" иликтөө долбоору орус абагында жатып согушка айдалгандар тууралуу иликтөө тартты.
Бишкектин Биринчи май райондук соту “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина үй камагына чыгарылганын билдирди.
Касым Сулаймановдун "Чөнтөк телефон" аңгемесинде турмушка даяр эмес эрке кыздын тагдыры тууралуу сөз болот.
Украинанын "Жашагым келет" долбоору Тажикстандын Орусия тарапта согушкан 931 жаранынын тизмесин жарыялады.
Индиянын Кашмир аймагында 22-апрелде кол салуудан 26 киши каза болгондон кийин эки өлкөнүн алакасы курчуду. Абалдын чыңалышы согушка алып келиши мүмкүнбү?
Дагы жүктөңүз