Бул аракеттерди Албек Ибраимов өзү жана экс-президент Алмазбек Атамбаев "саясий куугунтук" деп баалап келатат. Ушуга байланыштуу "Азаттык" саясат талдоочу Даниел Кадырбековду кепке тартты.
“Азаттык”: Даниел мырза, Албек Ибраимовдун Бишкек шаарынын мэрлик ордунда ишеним көрсөтпөө жолу менен иштен алынып, камалышын кандай баалап жатасыз? Бул коррупция менен күрөштөгү кадамбы? Же ал саясий тирештин курмандыгы болуп калдыбы?
Кадырбеков: Албек Ибраимовдун камакка алынышын саясий тирешүүнүн жемиши деп айтууга болбойт. Себеби Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага койгон айыптарды карасак, анда так эпизоддор менен күнөө коюлганы көрүнүп турат.
Биринчиден, Албек Ибраимов “Дастанда” иштеп жүргөндө мамлекеттин бюджетине зыян келтиргени боюнча факты, экинчиден, жер боюнча “коррупциялык схема түзүп, өзүнө пайда табыш үчүн бир чечимдерге барган” деген айыптар коюлду. Булар өтө олуттуу айыптоо.
Адатта биздин укук коргоо органдары ким кайсы жерде мыйзам бузуп жатканын үстүртөн билишет, көрүп жүрүшөт. Болгону кээ бирлерин камаганга жогорку бийликтен уруксат болбой, көп кылмышкерлер сыртта калып калышат.
Менимче, Ибраимовго байланыштуу бул фактылар деле мурда эле аныкталган болушу мүмкүн. Бирок акыркы алты-жети жылда экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн жан-жөкөрү Ибраимовду каматкан эмес. Ошондуктан азыр ага карата аракеттер табигый, логикалык чечим болду.
Бул жерде президент Жээнбеков деле “камагыла” деп буйрук бербесе керек. Болгону азыр укук коргоо органдарына аз да болсо эркиндик берилди. Натыйжада алар өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин жана жумуштарын аткара баштады. Анын жыйынтыгы ушул.
“Азаттык”: Бирок Албек Ибраимовдун иштен алынышын жана камакка алынышын ал өзү жана экс-президент Алмазбек Атамбаев ачыктан-ачык саясий куугунтук катары баалап жатышпайбы?
Кадырбеков: Албек Ибраимовдун камакка алынышын саясий куугунтук деп баалаган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү анын буга чейинки өзүнүн сөздөрүнө карама-каршы келет. Ал бул логикасы менен өзүнүн алты жылдык башкаруусунда “укук коргоо органдарын көз каранды эмес кылдым", "сот системасын реформаладым”, “бизде жеке адамдар башкарбайт, бизде институттар башкарат”, “бизде мыйзам иштейт, уурулардын орду түрмөдө” деген ураандарын өзү төгүнгө чыгарып жатат.
Эгер Атамбаев Ибраимовдун камалышын "саясий куугунтук” деп айтып жатса, анда өзү алты жылда “коррупциядан башка эч нерсе кылбадым” дегенди мойнуна алганы болуп саналат. Соңку камалгандардын ишине "куугунтук" деп баа берүү экс-президенттин ишин жокко чыгарат.
“Азаттык”: Негизи Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден бери коррупцияга байланыштуу бир топ адамдар камакка алынды. Анын ичинде мамлекет башчы мурда мүчө болгон Кыргызстан социал демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлдөрү, экс-премьер-министр Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов да бар. Эми болсо Албек Ибраимов да камалды. Бирок алдыда тергөө, сот бар. Сиз аларга коюлган айыптар боюнча тергөө аягына чейин иликтенип, кармалгандар жазага тартылат деп ишенесизби?
Кадырбеков: Бул жерде бир-эки элементти караш керек. Биринчиси - сот жана укук коргоо органдарынын реформасы мындан ары кандай нукта жүрөт? Эгерде азыр ушул эле инерция менен кете берсек, жакшы жыйынтык болбойт. Анткни азыр сотторду сатып алса болот, укук коргоо органдарынын, тергөө кызматтарынын манипуляциясы менен каалаган киши күнөөсүз болуп чыгып калышы мүмкүн.
Экинчиси - ошол эле соттордун жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин квалификациясынын жетиштүүлүгү. Алар ошол эле өздөрү тагып жаткан айыптоолорду мойнуна коюш үчүн кынтыксыз иш алып бара алышабы, айныгыс далилдерди келтире алышабы? Андан кийин сот көз каранды эмес чечим чыгара алабы? Кийинки иштердин тагдыры, камалгандардын жазага тартылаар-тартылбаасы ушундан көз каранды.
Албетте, бул жерде президент Сооронбай Жээнбеков “муну же тигини камагыла” деп, тергөөнүн жана соттун ишине кийлигишпеши керек. Ал бардык нерсе мыйзамдын алдында гана болушун көзөмөлдөп турушу зарыл. Президенттин ролу бул жерде мыйзамдуулукту камсыз кылууга көзөмөл жүргүзүү болуп саналат. Ал эми укук коргоо органдары менен соттор өзүнүн ишин аткарышы керек.
Ошондуктан мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин жан-жөкөрлөрүнө ачылган кылмыш иштери аягына чыгабы-чыкпайбы, алар жазасын алабы-албайбы - мына ушул эки нерсе менен байланыштуу.
Тасмада: "Азаттыктын" иликтөөсү