"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Таиланддын курорттук шаарында болгон жардырууларга эл аралык экстремисттик топтордун тиешеси жок. Бул тууралуу жума күнү Ички иштер министрлиги маалымат таратты. Бейшембиден жумага караган түнү Таиланддын туристтер көп эс алган курортторунда катары менен болгон жардыруулар төрт адамдын өмүрүн алды.
Пакистандын Квета шаарындагы ооруканага 8-августта жасалган чабуулдан мерт кеткендер саны 70ке жетти. Жарадар болгондор жүздөн ашты. Калаба үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму жана “Талибан” кыймылынын Пакистандагы бутагы бирдей алышты.
Сириянын аба күчтөрү Алепподо куралдуу оппозициянын турумдарына сокку урууда. Бул тууралуу Сириянын жана Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлоодо. Ал эми оппозициялык күчтөр Алепподо өкмөттүк күчтөрдүн курчоосун жарып чыгышканын маалымдашууда.
Рио-де-Жанейродо 5-августта башталчу Олимп оюндарында тарыхта биринчи жолу Качкындар курама командасы катышат. Команда ар кандай кырдаалдан улам өз өлкөсүнөн журт которууга аргасыз болгон 10 атлеттен турат.
АКШ президенти Барак Обама менен Республикалык партиянын талапкери, миллиардер Дональд Трамптын ортосундагы кайым айтыш күч алды. Шейшембиде Обама Трампты президенттике татыктуу эмес деп сындаса, Трамп ага жооп кайтарды. Республикачылардын талапкери Обаманы АКШ тарыхындагы эң начар мамлекет башчы деп атады.
Украиналык учкуч жана депутат Надежда Савченко 3-августтан баштап ачкачылык жарыялайт. Бул тууралуу ал кечээ өткөргөн маалымат жыйында билдирди.
Эл аралык окумуштуулар тобу каптал амиотрофикалык склерозду пайда кылуучу генди ачышты. Иликтөө былтыр дүйнө жүзүн дүң кылган Ice Bucket Challenge флешмобунан чогулган акчага өткөрүлгөн.
Грекия бийлиги шаршембиде өлкөдөн баш паанек издеп келген сегиз түрк аскери боюнча соттук угууларды 19-августка жылдырды. 15-июлдагы Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин сегиз офицер тик учак менен Грекияга кире качышып, баш паанек сурашкан.
Армениянын баш калаасы Ереванда өткөн аптада полиция бекетин басып алган куралчан адамдар 27-июлда медицина кызматкерлерин барымтага алышты. Маалыматка караганда, алгач топтун мүчөлөрү медициналык жардам талап кылышып, аларга келген “Тез жардам” кызматынын дарыгерлерин коё бербей коюшкан.
Франциянын түндүгүндөгү Нормандия аймагындагы чабуул үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өз мойнуна алды. 26-июлда Сент-Этьюн-де Руве шаарында жасалган чабуулда бир христиан кечили (дин кызматкери) мууздалып, дагы бирөө жарадар болгон.
Жыл башынан бери Ооганстанда 1600 жайкын тургун өлтүрүлүп, үч жарым миңдейи жараат алды.
Эл аралык Олимп комитети Орусиянын курама командасы боюнча соңку чечимин кабыл алды.
“Американы биринчи орунга койбогон саясатчылар бийликте турганда, өлкөбүздү башкалар да сыйлашпайт. Мен президент болгондо биздин өлкө дуушар болуп жаткан кемсинтүүлөр токтойт. Биздин ураан "глобализм эмес, американизм болот”, - деди Трамп.
Италиянын түндүгүндөгү Эмилия-Романья провинциясына болгон саякатыбызды улантанбыз. Чөлкөм Европадагы эң эскилерден саналган Болонья университети, атактуу ашканасы, тактап айтканда Болонезье спагеттиси, Пармежано деп аталган сыры жана Ламбруско деп аталган виносу менен таанымал. Алдыдагы берүүдө да
22 жаштагы кыргызстандык Айсана Түркиянын Анталия шаарында мажбурлап сойкулук менен иштетип жаткан жерден качып чыккан. Алдамчылардын торунан араң бошонгон Айсана ошол замат полицияга кайрылган.
Стамбулдун Босфор көпүрөсүндө атышуу башталды. Асманда тик учактар айланып жүрүшөт. Көчөлөрдө ызы-чуу. Учурдагы Стамбулдагы кырдаалды жеринен “Азаттыктын” кабарчысы Бактыгүл Чыныбаева айтып берди.
Соңку маалыматтарга ылайык, Ницца шаарындагы каргашадан кеминде 84 адам мерт болуп, жүздөн ашуун киши жараат алды.
Варшавада баштала турган саммитте Москва менен узакка созулган тирешүүгө багытталган коопсуздук чаралары талкууланарын байкоочулар белгилешүүдө.
Стамбулда кечээки террордук чабуулдардан мерт кеткендер саны 40тан ашты. Журтташыбыз Тилек Токомбаев калаба болгон маалда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан Одессага учууга камданып жаткан.
Солар Импульс 2 учагы дүйшөмбүдө Нью-Йорк шаарынан Атлантика океаны аркылуу Испаниянын Севилья шаарына бет алды. Блу орижин компаниясы жекшембиде New Shepard деген көп жолу колдонулчу космос ракетасын 4-ирет ийгилиткүү сыноодон өткөрдү.
Дагы жүктөңүз