"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Тажик парламенти быйыл жаз айында 16-ноябрды президенттин күнү катары жылнаамага киргизген.
УКМК жарыялаган Белизден келген документтерге байланыштуу Эркайым Мамбеталиева маек курду.
Киев бул маалыматты “Орусиянын атайын кызматынын чагымы” деп четке кагууда.
Казакстанда 21 жылга соттолгон ишкерге бийликти басып алууга аракеттенген, экстремисттик топту негиздеген деген айыптар коюлду.
Казакстандын Алматы шаарында куралдуу чабуул жасап, он кишини өлтүргөн деп айыпталган Руслан Кулекбаев өлүм жазасына кесилди.18-июлда калаанын Алмалы райондук ички иштер башкармалыгы жана Улуттук коопсуздук кызматынын департаментине кол салуу болуп, анда он киши өлгөн.
Молдовада жекшембиде соңку 20 жылда алгачкы жалпы элдик президенттик шайлоо өттү. Добуш берүү Евробиримдик менен интеграцияны колдогондор жана Орусия менен тыгыз карым-катнашта болууну көздөгөндөр ортосундагы күрөш катары каралууда.
Пианист Азамат Сыдыков АКШда өткөн концертин диний араздашуудан улам сөөгү үч жолу жерге берилген алабукалык аялдын элесине арнады.
Коңшу мамлекеттеги казак-түрк лицейлери мындан ары “Билим” инновациялык лицейлери деп аталат. Бул тууралуу KATEV эл аралык фонду билдирди.
Өзбекстандын баш калаасы Ташкен шаарынын мэри өлкөдөгү ажырашуулардын санын азайтуу максатында мындан ары эки жолго түшкөн түгөйлөрдүн аты-жөнүн маалымат каражаттары аркылуу жарыяланып турарын билдирди. Бул тууралуу ал 17-октябрда өткөн расмий жыйында маалымдады.
Заманбап корей топторунун стилинде түзүлгөн казакстандык Ninety one тобунун концерттери Казакстандын бир катар шаарларында өтпөй калды. Буга жергиликтүү жаштардын каршы чыгышы себеп болду.
Европанын алдыңкы театрларында дүйнөлүк операларды аткарган опера ырчысы тенор Жеңишбек Ысманов өткөн жумада Лучианно Павароттиге арналган PAVAROTTI D’ORO сыйлыгына татыды.
Орусиядан мекенине кайткан тажикстандык эркек мигранттардын көбү сыртта жүргөндө төрөлгөн балдардын чын атасы ким экенинен күмөн санагандыктан, өлкөдө ажырашуулардын саны өсүүдө.
Орусия президенти Владимир Путин АКШнын киберчабуулдар боюнча айыптоосун четке какты. Бул тууралуу Путин Москвадагы бизнес-форумда билдирди.
Дүйнөдө ар бир жети секундада бирден өспүрүм кыз турмушка чыгат. Бул тууралуу Кыздардын күнүнө карата жарыялаган баяндамасында Балдарды коргоо кайрымдуулук уюму маалымдады.
Илим, адабият жана саясатта айырмалангандарга Нобел сыйлыгын ыйгаруу уланууда. 10-октябрда экономика боюнча Швециялык академиянын сыйлыгы өз ээлерин тапты. Быйыл бул сыйлык британиялык Оливер Саймон д`Арси Харт менен финляндиялык окумуштуу Бенгт Роберт Холмстромго ыйгарылды.
Гаитиде “Мэттью” бороонунун кесепетинен 330дан ашык адам каза тапты. 35 миңдейи убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырылды.
Өзбекстандын Гузар райондук ооруканасынын дарыгерлери жапырт пахта теримге айдалгандыктан, толгоосу бышып төрөт үйүнө түшкөн 21 жаштагы келин ымыркайынан айрылып калды.
Жамиля Раимбекова Германиянын Росток шаарындагы Фолькстеатрда (Элдик театрында) сегиз жылдан бери алдыңкы солист катары эмгектенип келет. Журтташыбыз чыгармачылыгы жана Германиядагы жашоосу тууралуу “Азаттыкка” маек берди.
Физика боюнча Нобель сыйлыгын быйыл британиялык үч окумуштуу: Дэвид Тулесс, Дункан Халдейн жана Майк Костерлиц алышты. Сыйлык топологиянын фазалык өткөөлдөрүн изилдөөгө кошкон салымы үчүн берилди. Бир күн мурда медицина тармагы боюнча сыйлык жапониялык окумуштуу Иосинори Осумиге ыйгарылган.
Сириянын өкмөттүк армиясы байистүү оппозиция күчтөрүн ок атышууну токтотуп, курчоодо калган Алеппо шаарынан чыгып кетүүгө чакырды.
Дагы жүктөңүз