3-февралда түшкү намаздан кийин Сузак районундагы “Имам Аззам” аттуу мечиттин экинчи кабаты урап түшүп, 59 адам жабыр тартты. Кырсыкка кабылган кишинин бешөө райондук, экөө облустук ооруканада жатат.
Сузакта медресенин экинчи кабаты кулап түштү
Жалал-Абаддын Сузак районундагы Манас атындагы орто мектепте кыргыз класстарда окуп, кыргыз тилинде ыр жазган өзбек тектүү окуучулар бар.
Сузак районундагы Манас атындагы орто мектептин 8-кыргыз классында окуган өзбек кыз Надирабегим Атабек кызы кыргыз тилинде жазган "Аял" аттуу ырын көркөм окуп берди.
Акыркы расмий маалыматтарга караганда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан чет жерге иш издеп кеткен он миңден ашык кишинин төрт миңге жакыны үйлөрүнө биротоло кайтып келди.
Жалал-Абад облсоту “облустук бийликти басып алды” деп айыпталган “Ата-Журт” партиясынын төрт тарапкеринин ишин карап, аларга шарттуу жаза берген шаардык соттун өкүмүн негизинен өзгөрткөн жок.
"Азаттыкттын" кабарчылары медициналык жайлардагы коопсуздукка, тез жардам кызматындагы жагдайга, бейтап -дарыгер мамилесине кызыкты.
Расмий маалымат боюнча Бишкекте мектеп жашына чейинки балдардын 25%, ал эми өлкө аймактарында 13% гана бала бакчага барат. "Азаттыктын" кабарчылары бул көрүнүштөн улам келип чыккан көйгөйлөргө жана бала бакчалардагы абалга кызыкты.
Ноокендин Сакалды айылынын дыйкандары болсо Кыргызстанга таандык Таштама каналы зым тосмонун ары жагында калып жатканына нааразы.
Жалал-Абад облусунда быйыл күйдүргү чыккан жок, бирок күйдүргүнүн 369 очогу бар. Анын ону корулган эмес. Очоктордун тең жарымынан көбү каякта экени белгисиз. Күйдүргүнүн белгилүү очокторунда ооруну болтурбоо иш-чарлары жүрүүдө.
Жалал-Абадда 31-майда облбийликтин имаратын ээлөөгө аракет кылган деп айыпталган төрт кишинин соту 4-сентябрда уланат.
УКМК облустук бийлик имаратын ээлеп алуу боюнча козголгон кылмыш ишти тергеп бүтүп, шаардык сотко жиберди.
3-июлда Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда “Датка” подстанциясы ишке берилди.
Жалал-Абадда июнь окуясын эскерүү иш-чарасы Бишкек-Ош жолунун боюндагы каргашада курман болгондордун эстелигинин жанында өттү.
Ишембиде Жалал-Абад шаарында нааразылык акция улантылды. Облустук бийликтин имаратын ээлеп алган митингчилерге өкмөттүн өкүлдөрү сыртынан көз салууда. Акимиаттын короосунда жылкы эти асылып, катышуучуларга ысык тамак берилди. Шаардыктар бул көрүнүшкө ар түрдүү пикирде. Акциянын уюштуруучулары нааразылыкка катышкандардын саны эки миңдей десе, байкоочулар 300гө чамалаш адам болгондугун айтышты.
Камактагы депутат Камчыбек Ташиевге жердештери эстелик тургузмакчы. Саясатчы төрөлүп-өскөн Сузактын Барпы айылдык кеңешинин чечими менен таштан жасалчу эстеликтин бийиктиги 3,5-4 метр болуп, ага 200 миң сомдой сарпталат. Айрымдар көзү тирүү маалында адамга эстелик тургузуу этикага туура келбесин айтууда.
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ак-Чабыр жайытында 133 кой-козу күрүнөн кырылды. Буга химикаттардан уулануусу себеп болгон.
Жалал-Абаддын Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө жашаган 95 жаштагы Таштан Ташболотов карыя карель-фин согушуна катышкан.
Президент Атамбаев камактагы депутаттарды бошотуу талабы менен чогулгандарга кезигип, сот чечимин күтүүнү айтты.
24-мартта Жалал-Абад шаарында өткөн оппозиция курултайында 8 бөлүмдөн турган чечим кабыл алынды.
Дагы жүктөңүз