Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук орус драма театрынын директору Александр Кулинскийге карата Биринчи май райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.
Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун изилдөөсүнө таянсак, жер-жерлерде бийликтеги партияларга болгон ишеним кыйла азайган.
Диний ишмерлер Бишкекте өткөн симпозиумда Кыргызстандагы радикализм, экстремизм жана терроризм коркунучтарынын алдын алууну талкуулашты.
Рублдин наркы түшкөн сайын Орусияда сатылган автоунаалардын баасы сомго жана долларга карата арзандоодо.
Кыш чилдеде кымыз ич
Расмий маалыматка таянсак, 2013-жылдын жети айында өлкө боюнча 551 нааразылык акция катталса, быйыл алардын саны 328ди түзгөн.
Президенттин жарлыгына ылайык билим берүү министри Канат Садыков менен эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов ээлеген кызматынан бошотулду.
Кыргызстанда расмий катталган жумушсуздардын саны 210 миң. Ошол эле кезде өлкөнүн эмгек базары иштин көзүн билген куруучу, ашпозчу, тигүүчү сыяктуу кесип ээлерине суусап турат.
Кыргызстанда аты-жөнүн өзгөрткөндөр жыл сайын көбөйүүдө. Акыркы маалыматтарга караганда, быйыл бир жыл ичинде ысымдарын алмаштыргандардын саны кырк миңге чамалады.
Алмазбек Атамбаевдин президент болуп шайланганына 1-декабрда туура үч жыл толду. Анын ушул жылдар аралыгындагы президенттик ишмердигине берилген баалар карама-каршылыктуу.
Эң жаш айыл өкмөттүн бейнеси
Мектепке айланган кароосуз үйлөр
Өткөн жылы төрөттөн 61 аял каза тапса, быйылкы жылдын он айында эле 95 эне көз жумган.
Кыргызстанда биринчи жолу өмүрүнүн аягына чейин соттолгондорго өзүнчө түрмө курулуп, расмий ачылышы болду.
Чүйдүн Жаңы-Жер айылында жайгашкан абактын имараты 2007-жылы курула баштаган. Анын курулушуна 347 миллион сом сарпталды. Абакта өмүрүнүн акырына чейин кесилген 200 соттолуучу жаза мөөнөтүн өтөмөкчү. Кыргызстанда буга чейин өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн атайын абак болгон эмес.
Маданият министрлиги порнографиялык аудио-видео тасмаларды аныктап, аларды чектей турган эксперттик комиссия түзүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.
Милиция кызматкери Бакай Сыдыгалиевдин кайгылуу өлүмү Кыргызстандын сот жана укук коргоо тутумундагы дагы бир алешемдиктин бетин ачкандай болду.
Бишкектеги тартипти мындан кийин Жол-кайгуул милициясынын өзгөчө батальону камсыз кылат. Учурда бул батальондо 60 атайын автоунаа жана 200гө жакын кызматкер бар. Алар үч нөөмөттө жол коопсуздугун жана коомдук тартипти көзөмөлдөшөт. Аталган батальондун башчысы Эрлан Атантаев "Азаттыкка" маек курду.
Жусуп Баласагын атындагы университеттин “Алтын бешик” аттуу №5 жатаканасы 1962-жылы курулган, учурда 500гө жакын студент жашайт. Абдыганы Эркебаев, Султан Раев, Мелис Эшимканов сыяктуу белгилүү адамдардын да студенттик күндөрү ушул жерде өткөн. 17-ноябрь–студенттер күнүнө карата ага баш бактык.
Дагы жүктөңүз