Татарлар Ала-Тоону кантип байырдап калды? Маданияты кандай жана кайсы тармактарда изин калтырышты?
“Азаттыктын” кабарчысы түрктөр жыш отурукташкан айылдардын бирине айттап келди.
Бишкек мэриясынын алдында майып активисттер “Тоскоолдуксуз шаар үчүн” аттуу акцияны өткөрдү. Алар майыптарга талаптагыдай шарттар түзүлбөй жатканын айтып, бул кенемтени башкалаадан толтуруу керек деп эсептешет.
Бир ай бою шаар тургундары өз көзү менен Түндүк жана Латын Америкада, Африкада, Түштүк-Чыгыш Азияда жана башка экзотикалык жерлерде учуп жүргөн көпөлөктөрдү көрө алышат.
Кеминдин Орловка айылынын эки жүз чакты тургуну алтын кенге барчу жолду бууп, боз үй тигип алды.
Көркөм сүрөт музейинде Борбор Азия өлкөлөрүнөн чогулган чыгармалардын көргөзмөсү өтүп жатат. Бул чыгармалар былтыр Венеция биенналесинде тартууланган.
Бишкектеги Сүрөт музейинде “Эртелей никенин пайдасынан зыяны” аттуу сүрөт көргөзмө өтүп жатат. Анда эртелей никеге туруунун кесепеттери сүрөт аркылуу чагылдырылган.
Бул долбоор аркылуу окумуштуулар 16 миллиондон ашык илимий макалаларды таба алат.
18-сентябрда Ооганстандагы жардырууда мерт болгон кыргыз жараны Эсенбек Ниязалиевдин сөөгү 21-сентябда Бишкекке алынып келээри кабарланууда.
Күрттөрдүн Ала-Тоону байырлаганына жетимиш жылдан ашты. Өзгөчө бир салттары бар күрт элине Кыргызстан өз мекени болуп калган.
Кыргыз жана кытай өкмөттөрү Кыргызстанда кытай тилин өнүктүрүү боюнча ар кандай билим берүү мекемелерди ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Чүйдүн Панфилов районунун Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн тургундары алтын кенин иштеткен компанияга нааразы болуп, ишкананын техникасын токтотуп койду.
Бакиев бийлигинин тушунда Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгондордун жоон тобун журналисттер түзөт.
Коомдук уюмдун сурамжылоосуна катышкан ата-энелердин көпчүлүгү кыргыз армиясына баласын жиберүүнү каалабасын айткан.
Жалпы саны 11 миллиондон ашкан уйгур калкынын басымдуу бөлүгү Кытайды мекендейт. 50 миңдей уйгур эли Ала-Тоону өз Ата журтуна айландырган.
Адистер балдарга жасалган зомбулук алардын таш боор, а тургай мыкаачы болуп чыгышына шарт түзөөрүн айтууда.
Адистердин ырасташынча, ысыкта күн бою суу ичпестен, тамактанбай жүрүү бир топ ооруларды козгойт.
Эми шаардыктар каалаган өсүмдүгүн фермердин жана интернеттин жардамы менен өстүрүп жешет.
Ала-Тоого келген гректердин көбү Грекия тарыхый мекенибиз болсо да, Кыргызстандан кетпейбиз дешет.
Кыргызстандык Чынара Мундузова икэбананын чоң каарманы болуп, дүйнө кыдырып, башкаларды жапон искусствосу менен тааныштырып келет.
Дагы жүктөңүз