Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:34

Кемин: алтын кенге кеткен жол буулду


Нааразылыкка чыккандар боз үй тигип жатат. Орловка айылы, Кемин району, 22-октябрь.
Нааразылыкка чыккандар боз үй тигип жатат. Орловка айылы, Кемин району, 22-октябрь.

Кеминдин Орловка айылынын эки жүз чакты тургуну алтын кенге барчу жолду бууп, боз үй тигип алды.

Аталган айылдын кыжырданган тургундары 22-октябрда эртең менен саат тогузда айылдын борборунда жайгашкан “Алтынкен” компаниясынын кеңсесинин алдына чогулуп, андан кийин кеңди көздөй жөнөгөн. Аймактагы алтын кенин иштетмекчи болуп жаткан кытайлык компанияга нааразылык мындан бир күн мурда тутанган экен.

Нааразылыкка чыккандардын бири Дубатбек Эржановдун айтымында, чатак 21-октябрда кечки саат бешке жакын башталган:

- Жети иш күн үчүн жети миң сом беребиз деп убада кылган кытайлыктар жергиликтүү жумушчуга беш миң сом карматып коёт. Буга нааразалык билдирилгенде алардын ортосундагы чатак мушташка айланат. Анан ары жактан төрт-беш кытай келип таяктар менен сабап кирет. Беш-алты кыргыз бала келип, бөлүштүрмөкчү болгондо аларды да бүт сабап салат. Ары жактагы сарайлардан беш-алты атчандар келсе экскаватор менен кубалап, биринин атын өлтүрүп салат.

Бул окуядан аталган компанияда иштеген жергиликтүү эки жигит башынан жана колунан жаракат алып, айылдык ооруканадан тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлөт. Дарыгерлердин айтымында, алардын абалы азыр түзүк.

Жабыркаган жергиликтүү тургундардын бири.
Жабыркаган жергиликтүү тургундардын бири.

Бул окуяны уккан жергиликтүү тургундар бүгүн минтип нааразылык акцияга чогулганга аргасыз болуптур. Ошентип нааразылыкка чыккан эки жүзгө жакын адам алтын кенге кеткен жолду бууп, боз үй тигишти. Алардын айтымында, бул компания жумушка жергиликтүү тургундарды албай, Кытайдан 300 чакты адам алып келген.

Аты-жөнүн айткысы келбеген митингчилердин бири азыр компанияда иштеген 10 чакты жергиликтүү тургунга да орой мамиле жасалаарын белгиледи:

- Негизи бул жерде 90 пайыз жергиликтүү тургундар иштеш керек да, өзүбүздүн жер, өзүбүздүн эл. Мисалы, кыргыздар өзүбүздүн жерге өзүбүз ээ болбогондон кийин бул жерде турбай эле койгон оңго деп ойлоп атам да. Бизден 10 чакты бала иштейт. Алар да эгер кандайдыр бир талаптарды койсо дароо иштен кетирип салат...

Компаниянын кеңсесинен бул окуяга байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартышты. Биз кеңседен жыйырмага жакын кытайлык жумушчулар чемодандары менен чыгып кетип жатканына күбө болдук.

“Алар бул жактан кетип жатышат. Каякка экенин билбейбиз. Буга чейин деле митингдер болуп, жолугушуп, убада берип коюп кутулушчу. Бирок минтип биринчи жолу айылдан кетип жатышат”, - деди күзөтчүлөрдүн бири.

Алтын кенге кеткен жол.
Алтын кенге кеткен жол.
Ошол эле учурда компанияда иштеген жергиликтүү тургундардын баары эле нааразы эмес экен. Алардын бири Сапар Ашкеров кытайлык иш берүүчүлөргө дооматы жоктугун билдирди:

- Шарты жакшы эле: тамагын берет, тынч, эч кандай жамандыгын көргөн жокмун. Жаман деп айта албайм...

Кемин районундук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Жумгал Дүйшөбаев “Азаттыкка” бул жергиликтүү бийликтин деңгээлинде чечилчү маселе эместигин айтып гана тим болду:

- Эми азыр элге түшүндүрүү иштерин жасап жатабыз. Эң башкысы - коопсуздукту сакташыбыз керек. Анан башка маселелер чечилет. Бул чоң маселе, өкмөт тарабынан чечилчү маселе. Жергиликтүү бийликтин компетенциясы эмес.

Нааразылыкка чыккандар.
Нааразылыкка чыккандар.
Кытайлык “Алтынкен” компаниясы азыр бул жерде кен казууга даярдык иштерин гана көрүп жатат. Алтын казууга киришүү 2014-жылга белгиленген экен.

Жергиликтүү тургундардын сөзүнө караганда, 2005-жылдан бери бул жерди Казакстандын компаниясы иштетүү аракетин көрүп, бирок каражат маселесинен улам кетүүгө аргасыз болуптур.

Ал эми 2011-жылдын октябрь айынан бери иштей баштаган "Алтынкенге" буга чейин да жергиликтүү жашоочулар бир нече жолу нааразылык билдирип келген. Бирок азыркыдай жол тосуп, кескин чараларга барган эмес. Эми алар кытайлык бул компаниянын ишин токтотуу талабынан кайтпастыгын айтышууда.
XS
SM
MD
LG