"Азаттыктын" Жалал-Абаддагы кабарчысы.
Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында 23-июлда сел жүрүп, үйлөрдү каптады. Ылайланып кирген суу 23 машинаны агызып кетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Арстанбаптагы сел тогуз үйдүн короосуна киргенин, 23 машинени агызганын билдирди.
Сары-Челек коругунда соңку жылдары эс алуучулар, анын ичинде чет элдик туристтер көбөйдү. Жергиликтүү эл чакан конок үйлөрдү ачып, меймандарды заманбап шарттар менен тосуп алып жатат. Ошол эле учурда экологдор бул аймак биочөлкөм экенин эске алып, ага аяр мамиле зарылдыгын эскертишет.
Жалал-Абад шаарында суусундук сатылган күркөдөгү жарылуудан 17 жаштагы кыз каза болду. 13-июлда болгон бул окуяга байланыштуу бир нече кызмат адамдары камалды. Шаарда кычкылтек жана газ баллондор орнотулган коомдук жана соода жайлары текшерилип, айрымдарына эскертүү берилди.
Орусиядагы кыргызстандык мигранттар соңку мезгилде Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборуна түшкөндөр көп болуп, ал жакта укуктары бузулуп жатканын айтууда. Расмий маалыматка караганда, бул борбордо Кыргызстандын 173 жараны кармалып турат. Бул жайга кирип чыккан мигранттар жана алардын жакындары “Азаттыкка” борбордун кармоо шарттары туурасында айтып берди. Мигранттар менен иштеген укук коргоочулар "Сахаровону" Украинадагы согушка тартуунун негизги очогу деп эсептешет.
21-июнда кечкисин жүргөн селден Ноокендеги үч айылдагы 178 үйдүн короосун сел каптап, ондой турак үйдүн ичине ылай толгон. Жергиликтүүлөр акыркы 10 жылдан бери мындай селди көрбөгөнүн айтууда. Кокту-колоттон аккан суу эгин талааларын да талкалап кеткенин көрүүгө болот.
Жалал-Абаддын Базар-Коргон районуна караштуу Каба айылында жашаган 74 жаштагы акын жана котормочу Курбан Саттар тууралуу айтып беребиз. Ал Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын өзбек тилине которуп, мектеп программасына киргизген.
17-июндун кечинде Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата жана Бостон айылдарында сел жүрдү. Эски Кочкор-Ата айылында 10 жаштагы өспүрүмдү сел агызып, каза тапты. Эки айылда 300 үйдүн тургундары эвакуацияланды.
Таш-Көмүр шаарындагы дарыгерлер соңку жылдары боор илдети күчөп, сарыктын түрлөрүнө чалдыккандар көбөйүп жатканын айтышты. Чакан шаарда эле ушу тапта алты жүздөй киши илдеттин оор түрүн жуктуруп алган. Чакан шаарда таза суу тартыш, канализация жана башка көйгөйлөр чечилбей калган.
Аксы районунун айрым айылдарында сел жүргөнүнө байланыштуу 26-майдан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Сузакта Кара-Дарыя нугунан ашып, болжолу 100 гектардан ашык жер суу алдында калды. Анын 15 гектарына күрүч эгилгени айтылып жатат. Учурда суу тосмону жарып, үлүш жерлерди каптап жатат.
2-майда Сузак районунда окуучулар арасында "Манас" айтуу боюнча сынак өтүп жатканда токтоп турган "Хундай-Портер" жүрүп кетип, 30дай окуучуну коюп кетти. Оорурканага түшкөн өспүрүмдөрдүн арасында абалы оорлору бардыгы кабарланды. Машиненин айдоочусу кармалды, кырсыктын чоо-жайы иликтене баштады.
Сузактагы "Манас айтуу" иш-чарасында унаа тебелеп кеткен балдардын арасынан баш сөөгү сынып, жарааты олуттуу экени айтылган тогуз жаштагы кызга Бишкекте операция жасалды.
2022-жылы мамлекетке өткөн Майлуу-Суу лампа заводу былтыр 6% үстөк менен 1 млрд сом насыя алган. Ал акчага жаңы мештер, айнек банка чыгаруучу машине алынып, заводдун ишин жандантуу аракети болууда. Соңку жылдары жумушчулардын саны кыскара баштаган. Учурда заводдо 1400 киши эмгектенет.
Жалал-Абад шаарындагы "Даанакер" коомдук бирикмесинин жетекчиси, шаардык кеңештин депутаты Айжамал Тарыхчиева күнөскана куруп, түрдүү гүлдөрдү өстүрүп жатат. Үч жылдан бери көчөт сатып киреше таап, төрт кишинин жумуш менен камсыздады.
21-апрелде жааган жаандан кийин Жалал-Абаддын Аксы, Сузак, Базар-Коргон, Ала-Бука, Токтогул райондорунда жана Жалал-Абад шаарында 50дөй үйдүн короосун сел каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүргөн аймактар тазаланып жатканын, азырынча чыгымдар тактала электигин билдирди.
Жалал-Абад облусунда он чакан ГЭС курулуп жатат. Жакында алардын экөөнүн курулушу бүтүп, ишке кирди. Аксыда бир айылды жарык менен камсыздаган чакан ГЭСти жеке ишкер өз каражатына курган.
Аксынын Өлөң-Булак айылындагы сулуулук салонунан эл үзүлбөйт. Ондон ашык кызмат көрсөткөн бул жайды Күмүшай Абдыкалыкова донорлордун жардамы менен түптөгөн. Жергиликтүүлөрдүн айтымында элетте соңку жылдары эл аралык уюмдардын көмөгү менен ишкерлик кылган аялдардын саны көбөйгөн.
Кочкор-Ата шаарында кылмышка шектүү адамды кармоо учурундагы окуя коомчулуктун талкуусун жаратты. Интернетке тараган видеодон укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери бир адамды жерге жаткызып кармап жаткан кезде аларда өспүрүм бала чуркап келип, тээп жибергенин көрүүгө болот.
Дагы жүктөңүз