"Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис.
Санкт-Петербургдагы жардырууга байланышы бар деп шектелген мигранттардын иши сотто каралууда.
Экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков баштаган соттолуучулар күнөөнү мойнуна алган жок.
Анын АФКнын вице-президенттигине көрсөтүлгөн талапкерлиги кайра чакыртылды.
Кыргызстандагы түрдүү дин өкүлдөрү Бишкектеги Тоголок Молдо эс алуу паркына 100 даана көчөт тигишти.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) бардык диний уюмдардагы иш-кагаздарды жана жума баяндарын кыргыз тилинде жүргүзүү, зарыл учурда орусча кошуу тууралуу буйрук чыгарды.
Абактагы саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кыргызстанда адилеттик орноп келатканына ишене баштаганын билдирди. Мындай пикирин 9-мартта апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына барган учурда, элдин алдында сүйлөп жатып айтты.
Озода Нурсаидова жакында кыргыз тилинде композитор Рыспай Абдыкадыровдун "Эсиңдеби" деген чыгармасын ырдап, аны кыргызстандыктар жылуу кабыл алышты. Ал “Азаттык” радиосуна да баш багып, эки элдин ортосундагы ымала жөнүндө интервью берди.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диний теманы чагылдырган журналисттерди кылдат болууга чакырып жатат.
Тубаса азиз Замира Калыбек кызы Улуттук илимдер академиясында илимий кызматкер. Ал Кыргызстанда майыптарга түзүлгөн шарттар, муктаждыктар жана кыялдары тууралуу айтып берди.
Ислам Сатаровдун "Gamma media group" компаниясы дүйнө жылдыздарынын концертин уюштуруп, протоколдук иш-чараларды да даярдашат.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов "Билим берүүнүн мыктысы" деген сыйлык алганы нааразы пикирлер менен коштолууда.
Кырсыкка кабылган учак Тегеранга жакын жердеги "Пайам" аэропортуна конушу керек эле.
2019-жылы кыргызстандык жүргүнчүлөр арасында аба каттамына артыкчылык бергендер көбөйдү.
Улуттук энергохолдинг компаниясы компьютерде отуруп иштеген жумушчуларына 2017-жылы 3 миллион 700 миң сом кенемте төлөгөнү талкууга түштү.
Глобалдык фонд Кыргызстандагы ВИЧ илдети бар кишилерди акысыз дары менен камсыздоо ишин 2020-жылдын аягында токтотот. Мындан улам калктын бул илдет менен күрөшкөн катмары өкмөт бейтаптарга азыртан кам көрбөсө, кыйын кырдаал түзүлөт деп чочулашууда.
2018-жылы Кыргызстанда адам укуктары маселесинде кандай жылыштар жана өксүктөр болду? Эл аралык коомчулук эмнелерди байкады?
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы өзүн табып атаган Хашим Зайналиевди Кыргызстандан сыртка чыкпоого милдеттендирди.
Кыргыз-өзбек кино ишмерлеринин Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тарткан "Делбирим" тасмасы чоң экрандарда көрсөтүлө баштады. Тасманын Бишкекте өткөн бет ачарына 500дөй адам катышты.
Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоо тууралуу маселе кайрадан күн тартибине чыкты.
"Акнет" ишканасына карата кылмыш ишинин козголушунун арты менен жүздөгөн абоненттер телевидение жана Интернет начар иштеп жатканына нааразы боло баштады.
Дагы жүктөңүз