Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Ташиев: Тазабек Икрамов сыйлыкка татыктуу


Жапаркул Ташиев.
Жапаркул Ташиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов "Билим берүүнүн мыктысы" деген сыйлык алганы нааразы пикирлер менен коштолууда.

Тармактык наамдарды ыйгаруу боюнча жобого ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин төш белги менен белгиленген бул даражалуу сыйлыгы 20 жылдык үзгүлтүксүз стажы бар, билим берүүгө өзгөчө салым кошкон адамдарга берилиши керек.

«Азаттыктын» бул боюнча суроолоруна Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев жооп берди.

«Азаттык»: - Жапаркул мырза, депутат Тазабек Икрамовго берилген «Билим берүүнүн мыктысы» сыйлыгы коомчулукта талкууланып жатат. «Кайсы эмгеги үчүн?» деп суроо бергендер көп...

Жапаркул Ташиев: - Билим берүү жана илим тармагында чыгармачылык жигердүүлүктү өнүктүрүү, өзгөчө эмгекти баалоо, Билим берүү жана илим министрлигине сунушталган сыйлоого байланыштуу материалдарды өз убагында так, сапаттуу кароо максатында былтыр 12-февралда министрликтин жобосуна ылайык сыйлыктарды бекиткенбиз. Ал - «Билим берүүнүн мыктысы» деген төш белги жана Ардак баракчасы.

Тазабек Икрамов - Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде төрайымдын орун басары. Ал киши биз менен тыгыз байланышта, күн сайын байланышып турат. Мыйзамдарды иштеп чыгып, өркүндөтүүдө бизге жакындан жардам берет. Мындай кишилерге өзгөчө учурларда сыйлык берилет. Биз былтыр Сыйлык берүү тууралуу жобого өзгөртүү киргизгенбиз. Ал мындай: Билим берүү жана илим министрлигинин Мекемелик сыйлыктар боюнча комиссиясы өзгөчө учурларда педагогикалык стажы жетпеген, сыйлык алганына үч жыл боло элек, министрликтин Ардак баракчасы менен сыйлана элек адамды сыйлоого укуктуу. Мисалы, «Жыл мугалими» сынагында республика боюнча биринчи, экинчи, үчүнчү орун алгандар, окуучулары республикалык, эл аралык олимпиадаларда жеңип чыккандар, дүйнөлүк жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү деп табылган мугалимдер, көз каранды эмес рейтингдерде алдыңкы катарга чыккандар, билим берүү тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого салым кошкон кыргызстандыктар жана чет элдиктер сыйланат. Тазабек Икрамов ушуга дал келип жатат.

«Азаттык»: - Буга анын билим берүү тармагына кошкон кайсы өзгөчө салымы себеп болду?

Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Жапаркул Ташиев: - Тазабек Икрамов депутат болгонго чейин Дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абаддагы филиалында мугалим болуп эки жыл иштеген. Андан тышкары, биздин оюбузча ушул убакытка чейин жаштар менен иштеп, спортко тарбиялоодо чоң иштерди жасап келатат. Бир канча жерге спорт залдарды куруп берди. Демек, биздин балдар ал куруп берген спорт залдарда ден соолугун чыңдап, мелдештерге катышып жүрөт. Бул жерде материалдык-техникалык базаны чыңдоого Тазабек Икрамов салым кошту.

«Азаттык»: - Канча спорт зал курганы тууралуу маалымат барбы?

Жапаркул Ташиев: - Биз өзүбүз демилге көтөргөн жокпуз. Жогорку Кеңештин комитети сунуш кылган. Ошол сунушту биз – комиссия колдоого алып, сыйлыкты ыйгарууну туура деп таптык. Биз ал кишинин канча жерге зал курганын териштирген жокпуз. Аны эл билет, өзү да билет жана спортчулары билет. Маалымат каражаттарында чагылдырылган.

«Азаттык»: - Сиздердин комиссия келип түшкөн сунушту текшереби?

Жапаркул Ташиев: - Бизге Жогорку Кеңештин бүтүндөй комитетинен сунуш келип түштү. Ойлоп көрүңүз, биздин министрликтин бир комиссиясы аны «чынбы-жалганбы» деп текшерүүгө алганын. Ал урмат-сыйга жатпайт. Ал киши - биздин эл сыйлаган депутатыбыз.

«Азаттык»: - Депутатка сыйлык ыйгарылганы тууралуу кабар чыккан соң бир топ нааразы пикирлер жаралганынан улам сизге байланышып жатабыз. 20-30 жыл бою мугалим болуп иштеп, ийгиликке жеткен кишилер мындай сыйлыкка жете албаганы айтылууда. Айрымдар улгайып калган мугалим ата-энесинин сүрөтүн социалдык тармактарга жарыялап, ушул сыйлыкты ала албай убара тартып жүргөнүн жазып кейип отурат. Кабарыңыз барбы?

Жапаркул Ташиев: - Мен аларды абдан түшүнөм. Менин статс-катчы болуп иштей баштаганыма жакында бир жыл болот. Мен келгенден бери андай учур болгон жок. Биз ар бир документке кылдат мамиле кылып, жакшылап текшерип, татыктуу болсо сыйлыкты беребиз. Мурда андайлар болгондур, менин учурумда жол берген жокмун.

Мисалы, бизге азыр болжол менен миңге жакын документ тапшырылган болсо, анын баары ала албайт. Комиссия жакшылап карап чыккандан кийин берилет. Сиз айтып жаткандай, 20-30 жыл иштеп, ала албагандар болсо, бизге кайрылышса, карап чыгып, бергенге аракет кылабыз. Азырынча андай кайрылуу түшө элек.

Маекти бул жерден угуңуз:

"Тазабек Икрамов татыктуу сыйланды"
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:00 0:00

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG