“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.
Сокулук районунун Дача-СУ айылында эки жыл мурдагы авиакырсыктын курмандыктары эскерилди. Иш чарага бийлик өкүлдөрү, кырсыктан жабыркагандар, маркумдардын жакындары катышты. Кайгылуу кырсыктын кулаганына эки жыл өтсө да жергиликтүү тургундар азыркыга чейин бийлик коопсуздукту жоюу боюнча иштерди атк
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытай командасына 1:2 эсебинде утулуп калды.
Ошентип эртең, 5-январда Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия кубогу башталат. Ал эми 1-февралда биз “Азиянын чемпиону ким?” деген суроого расмий жооп алып калабыз.
2018-жыл 23-Кышкы олимпиада оюндары, футбол боюнча дүйнө чемпионаты, Азия жана Көчмөндөр оюндары менен спорт сүйүүчүлөрдүн эсинде калды. Спортчулардын жаратмандыгы, ийгиликтери, жеңиштери ар бир адамды шыктандырбай койбойт.
Акыркы он жылдан бери “Алтын топту” Роналду менен Месси талашып келсе, быйыл 33 жаштагы хорватиялык Лука Модрич "Жылдын мыкты футболчусу" аталды.
Бишкектеги Ак-Кула атмайданында көкбөрү боюнча "Чүй-Талас ынтымагы" турнири жыйынтыкталды.
7-октябрда таймаштын аралаш түрлөрү боюнча мушкер Хабиб Нурмагомедов атаандашы Конор Макгрегорду жеңди. Ал төртүнчү раундда Конорду муунтуу ыкмасы менен чемпиондукту утуп алды. Бул таймашты бишкектик күйөрмандар да абдан күтүшкөн эле.
Эки мушкер бүгүн таңда таразага түшкөн соң, көптөн күткөн мушташ өтө турганы анык болду.
16-сентябрда кесипкөй боксчу Геннадий Головкин кезектеги мушташын мексикалык Сауль “Канело” Альварес менен өткөрүп, упайлар боюнча казакстандык мушкер утулуп калды.
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген чет элдик туристтер Кыргызстанда бир күндө канча каражат сарпташты? Алар үчүн жергиликтүү баалар кымбат эмеспи? "Азаттыктын" кабарчысы сурамжылоо жүргүзгөн кезде айрым туристтер, таксилердин баасы кымбат экенин, ошол себептүү коомдук транспорт жүрсө жакшы
Көчмөндөр оюндарына башка өлкөлөрдөн келген командалардын курамында кыргыздар да ойноп жатат.
Көчмөндөр оюндарында Казакстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы Өзбекстандын командасына утулуп калды. Бул оюндан кийин көрүүчүлөр арасында “казактар атайын өзбек улакчыларына жеңилип берди” деген ача пикир жаралды.
Быйыл көкбөрүгө катышуу үчүн келген 11 команданын ичинде этникалык кыргыздардан турган командалар да бар.
Көчмөндөр оюндарына Шотландиядан атайын келген тоолуктар Кырчындын көркүн чыгарып, өз өнөрүн көрсөттү.
Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда Кыргызстандын чар тарабынан келген катышуучулардын ордолору орнотулуп, дүйүм тамактарга толгон дасторкондор меймандар үчүн жайылган. “Азаттык” ал жердеги маанайды тасмага түшүрдү.
Үчүнчү Көчмөндөр оюндарына катышуу жана көрүү үчүн Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөр арбын. "Азаттык" алардын айрымдарына суроо узатып, маанайын билүүгө кызыкты.
Быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 77 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу келди.
31-августта Кыргызстандын эгемендик алганына 27 жыл толду. Бул майрам кыргыз элине эмне берди? "Азаттык" радиосу аянтта жүргөн айрым жарандарга ушундай суроо берди.
1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан Советтер союзунун катарынан бөлүнүп, өз алдынча көз карандысыз мамлекет катары жарыялаган. Бул күн 27 жылдан бери белгиленип, мамлекеттик деңгээлде майрамдалып келет. Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги майрамдык иш-чара борбор калаада өттү.
Дагы жүктөңүз