"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыңалган кырдаал өзгөрүүсүз калууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы бейтарап аймактын Аксы районундагы тилкесине 18-мартта эртең менен коңшу өлкөнүн чек арачылары аскер техникасын киргизди. Чек арадагы кырдаал боюнча эки тарап сүйлөшүү жүргүзүүдө. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ташкентке нота жолдоду.
Бүгүн Кыргызстанда Аксы окуясынын 14 жылдыгы белгиленди. Башкы иш-чара Аксынын Боспиек айылында өтүп, президент Алмазбек Атамбаев, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров, жабырлануучулар, алардын жакындары катышты.
Орто билим алгандан кийин балдар үйүндө тарбияланган улан-кыздар өз алдынча кетүүгө мажбур. Бирок алардын көпчүлүгү буга даяр эмес.
Жалал-Абад шаарында жайгашкан балдар үйүнүн жашоочусу Алфия учурда мындан кийин кантип жашоонун айласын таппай убара. Бойго жеткен кызга эми мамлекет камкордук көрбөйт. Шаардагы мекемелердин биринде пол жууп иштеген кыз тапкан акчасын таенесинен калган эски батирин оңдоого жумшоодо. Союз мезгилинене
Бүгүн Улуттук оппозициялык кыймылдын демилгеси менен Жалал-Абад шаарында жана Аксы районунда тынч митингдер өтүп, социалдык төлөмдөргө байланышкан талаптар коюлду.
Жалал-Абаддагы митингде президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүү талабы айтылды.
Аймактык кабарчыбыздын маалыматында митингге 50дөн ашык киши келди. Чогулгандардын алдына шаардын мурдагы мэри Максат Жээнбеков, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Бектур Асанов чыгып сүйлөдү.
Базар-Коргон районунда жашаган үч балалуу үй-бүлө райондук соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылмай болду.
Жалал-Абад шаарында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишиндеги жер казуу жумушуна дээрлик аялдар тартылган. Эркектер болсо таштанды жүктөп, арыктарды тазалашууда. Күн сайын 8 саат кол менен жер казып, 10 миң сомдун тегерегинде акча алган аялдар жумуштун оордугуна карабай иштеп келишет. Орточо жаш кура
Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызмунайгаз" ишканасынын жамааты кээ бир жетекчилердин бут тосуусунан улам мекеме кризистик абалга кептелип, жумуш орундарынын кыскарышына нааразычылык билдирип чыгышты.
Жалал-Абадда короз уруштуруу оюндарынын быйылкы сезону аяктап баратат. Ар жуманын ишемби күнү шаарда өтүүчү оюндарга облустун ар кыл район шаарларынын 300гө жакын көрүүчү чогулуп, короздордун беттешине күбө болушат.
Токтогул районунун Чолпон-Ата айылынын тургундары Узун-Акмат кенин иштетүүгө каршылыгын билдирип чогулгандан кийин 5-мартка чейин өкмөткө убакыт беришти.
Токтогулдуктар алтын кен боюнча бийликке мөөнөт койду. Райондун Чолпон-Ата айыл аймагынын жашоочулары бүгүн айылдын борборуна чогулуп, Узун-Акмат алтын кенин иштетүүгө каршылыгын билдирип чыгышты.
Базар-Коргондун Арстанбап айылында АКШнын Колорадо жана Айдахо штатынан келген туристтер мектеп курагындагы балдарга тоодо лыжа тепкенди үйрөтүүдө. "Кыргызстанга кайтуу" долбоорунун алкагында чет элдик туристтер 20 балага өздөрү менен бирге лыжа тебүүчү каражаттарды ала келишип, жумасына эки жолу то
Июнь апаатынын күнөөкөрлөрүнүн бири деп табылган Кадыржан Батыровдун мүлктөрүн башкаруу милдети жүктөлгөн Мамлекеттик мүлк фондунун карамагындагы "Элдик" ишканасы "Кыргыз Петролеум" компаниясын сотко берип, тогуз гектар жердин ижара акысын өндүрүп алууну көздөөдө.
Облустук прокуратура үй салуу үчүн бөлүнгөн бир гектар жер боюнча кылмыш ишин козгоду.
Экономика министрлиги "Манас” аба майданынын аймагында чет өлкөлүктөр үчүн казино ачуу демилгесин былтыр жыл этегинде көтөрдү.
Дагы жүктөңүз