Кыргызстандын чек ара кызматынын маалымдашынча, 18-мартта эртең мененки саат жети жарым чамасында Ала-Бука районундагы Могол аймагында кыргыз-өзбек чек арасындагы тактала элек аймакка Өзбекстандын 30 - 40 аскер кызматкерлери келип эки БТР жана эки КамАЗ унаасын токтотуп алышкан.
Өзбекстандын аскер техникалары талаштуу аймакта турат

1
Мындан тышкары өзбек тарап саат сегизден тарта “Маданият-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктун бир тараптуу жаап салып, «Достук-автодорожный» өткөрүү пунктунан жарандардын жана транспорттун каттамына чектөө киргизген.

2
Кошуна өлкөнүн чек арачылары кыргыз жарандарына Өзбекстандан чыгууга уруксат беришип, ал эми кирүүгө тыюу салышкан.

3
Ошол эле учурда өзбек жарандарына мындай чектөөлөр коюлган эмес. Үчүнчү өлкөнүн жарандарына «Достук-автодорожный» пункту аркылуу транзиттик өтүү штаттык режимде иштеп жатат.

4
Кыргыз тарап өз кезегинде өзбек жарандарына «Баймак-автодорожный», «Кен-Сай-автодорожный» , «Кадамжай-автодорожный» өткөрмө пункттары аркылуу кирип чыгууга тыюу салды.

6
Ушул тапта эки тараптын чек ара кызматкерлери чек арадагы соңку аракеттер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

7

8

9
Буга чейин Аксы районун акими Медет Айдаралиев “Азаттыкка” өзбек чек арачылары талаштуу аймактагы Кербен - Ала-Бука жолуна туруп алганы эл арасында суроо жаратып жатканын айтып, бул аймакка өзбек тараптын кирип алууга укугу жок экендигин билдирген.

10