"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
10-майда Базар-Коргондун Ооган-Талаа айылында сел жүрүп, 50 турак жайды каптап, эки үй жараксыз болуп калды. Жаздын акыркы айындагы нөшөрлүү жамгыр Жалал-Абаддын бир топ тоолуу айыл тургундарынын шаштысын алууда. Адистер азыр жеринде тазалоо жана тактоо жумуштарын аткарууда.
Сузак районундагы №85 Ынтымак орто мектеби сел ташкынынан улам авариялык абалга келди. Окуучуларды чатырга көчүргөнү менен, жаан-чачын күндөрү чатырдын ичин суу каптап, алар кайра эски имаратка кирүүгө мажбур болушууда.
22 жаштагы Адыл Сузак районунун Барпы айылында жашайт. Ал арабада олтурганына карабай, учурда компьютерде иштөөнү үйрөнүүдө. Адыл майыптыгым тоскоол болбой, жумушка орношуп, элге аралашсам дейт.
Сузак районунун Алмалуу-Булак айылында кечээ кечкурун эки жерде жер көчкү жүрүп, алты турак жайды жана бир мектеп окуучусун басып калды.
Жалал-Абаддагы иш-чара учурунда мамлекеттик гимн ырдалганда ордунан турбай койгон медресенин тарбиялануучу кыздарынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Эл аралык «Себат» билим берүү мекемеси Бишкекте «Робот таймашы» аттуу иш-чара өткөрдү.
Таш-Көмүр шаарында жашаган көзү азиз карыя байбичеси экөө көп жылдан бери пенсияга чыга албай келет. Алардын айтымында, ага топтогон акча каражатынын аздыгы, тааныш-билиштин жоктугу себеп болгон шекилдүү.
Аксыда 20-апрелде социалдык көйгөйлөргө арналган жыйын өтүп, соңунда чогулгандар талаптарын райондук бийликке жолдошту. Аларды аткарууга бир айлык мөөнөт чегерүү чечимин кабыл алышты.
Жалал-Абад шаарында жайгашкан кыргыз-түрк балдар лицейинин он окуучусу тамакка ууланып, кечээ түш чендерде ооруканага жаткырылды.
Ош-Бишкек трассасынын жээгине алгачкы жолу заманбап үлгүдөгү даараткана салынды. Жолочулар үчүн муздак, жылуу суусу бар, даарат алуучу жана жууна турган жай да жайгашкан.
Ала-Бука районундагы Балтагулов айылдык кеңешинин депутаттары Кажар айылынын жашоочуларынын жергиликтүү үй-бүлөлөрдүн бирин мажбурлап көчүрүү тууралуу кайрылуусун талкуулаганы турат.
Акыркы жолу эки ирет жер көчкү катталган Сузак районундагы 64 үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү зарылдыгы кайрадан жаралды. Бирок канчалаган эскертүүгө карабай мал багуу менен алектенген тургундар ата конушун таштап кетүүнү каалаган жок.
Сузак районунун уурулукка шектелип кармалып, күнөөсүн моюнуна алган тургуну милиция аны кыйноого алганын айтып, прокуратурага кайрылды.
Кербен шаардык кеңеши бүгүн Үңкүр-Тоонун (Унгар-Тоо) айланасындагы маселени өкмөт өкүлдөрү менен жабык талкуулап, соңунда кошумча станция куруу үчүн жер бөлүүгө макул болушту.
Бүгүн шаардын борбордук аянтында жогорку окуу жайдын студенттеринин катышуусунда өлкөдө орун алып жаткан ар кандай нааразылык митингдерге каршы жыйыны өттү.
Чек арага жакын жашаган тургундар өзбек чек арачылары кирип алган аймакта алардын үлүш жерлери калганын айтып, өкмөттөн маселени тезирээк чечүүнү суранууда.
Бул ирет “Азаттыктын” кабарчылары өлкөдө дайыма көйгөй жаратып турган тиричилик таштандыларынын күңгөй-тескейин жер-жерлерден териштирип, аны чечүүнүн жолдорун сураштырып көрүштү.
Ушу тапта Аксыда оппозиция уюштурган митинг өттү. Милициянын маалыматына караганда, 300дөй адам чогулуп турат, ал эми уюштуруучулар өзүлөрү 1-2 миң адам келгенин айтууда.
Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жоон топ кызматкери коррупциялык иштер үчүн сот жообуна тартылды.
Дагы жүктөңүз