"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Жалалабаддыктар бүгүн “Санпа” пахта тазалоочу заводдун жанында болгон 2010-жылдын 12-июнундагы окуянын курмандыктарын эскерип, куран окушту.
Ош-Бишкек жолунун жээгине курулган Эненин көз жашы эстелик монументине гүлчамбарлар коюлуп, Куран окулду. Жалал-Абад облусунда жалпысынан коогада 84 адам каза болуп, төртү дайынсыз жоголгон.
2010-жылдагы Ош, Жалал-Абад дубандарында болгон июнь калабасына туура алты жыл толду. Беш жүзгө жакын адамдын өмүрүн алган улут аралык кагылыш Кыргызстандын тарыхында кара тамгалар менен калды. Окуяга күбө болгон дарыгерлер, милиция жана өрт өчүрүү кызматкерлери эскерүүлөрүн “Азаттык” менен бөлүштү.
Жалал-Абадда турак жайы бузулган жарандар шаар бийлигине нааразы болушууда. Анткени Ленин көчөсүн кеңейтүүдө алардын турак жайын шаар бийлиги уруксатсыз сүрдүрүп, келтирилген чыгым үчүн аз суммадагы каражат бөлүүдө дешет.
Жалал-Абадда турак жайы бузулган жарандар шаар бийлигине нааразы болушууда. Анткени Ленин көчөсүн кеңейтүүдө алардын турак жайын шаар бийлиги уруксатсыз сүрдүрүп, кетирилген чыгым үчүн аз суммадагы каражат бөлүүдө дешет. Ал эми калаа жетекчилиги баары мыйзамдуу түрдө, көпчүлүктүн кызыкчылыгы менен аткарылып жатканын айтууда.
Сузак районундагы Сымкат айылынын тургуну Гүлбара Садырбаева беш баланын энеси. Күйөөсү жүрөк оорудан каза тапкан. Эки жолу операция болгон аял иштей албай, кыйналып күн кечирүүдө.
Базар-Коргондо күйүп кеткен ири базардын чыгымы жалпы 150 миллион сом деп саналып, тергөө уланууда.
Бакиевдерге өткөрүлүп берилген Кадыржан Батыровдун турак жайына байланыштуу облустук прокуратура тийиштүү кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду.
Жалал-Абадда облустук китепкананын 90 жылдыгы жана Кыргызстан - АКШ кызматташтыгынын 25 жылдык юбилейи белгиленди. Иш чара шаардын борбордук аянтында өтүп, кыргыз жана америка жазуучуларынын китептери көргөзмөгө коюлду.
Укук коргоочу, өмүр бою соттолгон Азимжан Аскаровдун үй-бүлөсү жашаган тамды сот аткаруучулар менен Мүлк фонду мамлекетке өткөрүп алганы жатат.
Сузак районунун тургуну Рашид Бостонов 2001-жылы кургак чөлгө айланган талаага насос менен суу чыгарып, гилас бакка айландырды. Учурда 12 гектар аянттагы Кокон гиласынын түшүмүн багбан Россияга экспорттоп, калгандарын чакан заводунда консервалап кыям жасап жатат. 500 гө жакын адамды жумуш менен камс
Учурда Кыргызстандагы мечиттердин кыйласы мектеп курагындагы балдар үчүн кезектеги жайкы окутуу лагерлерин уюштуруу иштери менен алектенүүдө.
Эки баланын энеси, эки көзү азиз Айнагүл сегиз жылдан бери жолдошу менен Шамалды-Сай шаарындагы кароосуз калган имаратта жашайт. Жолдошу иштебейт, болгону жубайынын майыптык пенсиясы жана балдарынын жөлөк пулу менен оокат кылышат. Коңшулары кээде тамак-аш берип, жардамдашып турушат.
Жалал-Абадда малак курт каптаган токой аянттары 40 гектардан ашты. Буга чейин дарылоо иштери натыйжа бергенин билдирген адистер эми биологиялык жол менен зыянкечтерге каршы күрөшүүгө киришти.
Кадыржан Батыров 2010-жылга чейин үй-бүлөсү менен жашаган турак жай соттун чечими менен Санжар Бакиевге өткөрүлүп берилди.
Жалал-Абад шаарында майыптарды окутуп, иш менен камсыздаган сулуулук салону иштей баштады. Азыр бул жерде 10 майып кыз-келин нөөмөт менен окутула баштады. Бул саамалыкты Финляндиянын "Абилис" фонду колдоого алган.
Аймактардагы ойлоп табуучулуктун аркасы менен чарба жүргүзгөндөр тууралуу "Азаттыктын" баяндар топтомунан тааныша аласыз.
Басма сөзү салыштырмалуу эркин деп эсептелген Кыргызстанда эки миңден ашык маалымат каражаты каттоодо турат.
"Азаттыктын" кабарчылары адам укугунун абалы, карапайым кыргызстандык жарандардын укуктарына байланыштуу көп кездешкен көйгөйлөр тууралуу сөз кылмакчы.
Апрелдин аягынан бери Кыргызстандын бардык аймактарында шамал аралаш нөшөрлүү жаан басылбай, ал айыл чарбасына, тиричиликке кедергисин тийгизип, чыгымдарга кирептер кылууда. Жаратылыш түзгөн күтүүсүз кырдаал жана анын кесепеттери тууралуу "Азаттыктын" апта темасында сөз болот.
Дагы жүктөңүз