Казакстандагы шайлоодон кийин айрым байкоочулар дээрлик 80%дан ашык добуш топтоп, жеңишке жеткен Касым-Жоомарт Токаев эми Нурсултан Назарбаевдин таасиринен биротоло бошоду деген пикирде.
Эки күндөн кийин Катарда Футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Дүйнө чемпионатында алгачкы жолу аял-реферилер калыстык милдет аткарат.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу эки айга кармалган активисттердин жакындары алардын жаш балдарыы бар экени эске алынбай калганына нааразы.
Башаламандык уюштурууга шек саналып камалган 20дан ашык саясатчы, активисттердин жакындары бийликти аларды бошотууга үндөштү.
Кыргызстан менен Өзбекстан жер алмашып, чек ара маселесине чекит коюуга аракет кылууда. Кыргызстан кошуна өлкөдөн 19699 гектар жер алып, ордуна Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин берүүгө белсенип турат. "Азаттык" кыргыз-өзбек бийлиги пландаган жаңы чек аранын, 900-горизонталдын чегин иликтеди.
Кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун киши колдуу болгонуна 15 жыл болду. Аны 2007-жылы 24-октябрда Ошто көчөдө белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Журналист 2005-жылы Кыргызстанда болгон бийлик алмашууну, аймактагы диний экстремизмди, терроризмди жана Өзбекстандагы Анжиян окуясын жеринен чагылдырган.
Чек арадагы куралдуу жаңжалда Баткен районунун Достук айылы дээрлик толук кыйрап калган. Айылда 60 кожолуктан алты үй гана талкаланбай калган.
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн. Көк-Таш - Тамдык жолундагы 36 метрлик көпүрө жардырылган. Кандуу кагылышта чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр - 140 миңден ашкан жаран, азырынча үйлөрүнө кайта элек.
Интернационал - Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынындагы чек арадагы айыл. Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" билдирди.
Расмий Бишкек кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 46 адам мерт болгонун, 140 киши жараат алганын билдирди. Жекшембиде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин маалымдады.
Баткен районунан жана Баткен шаарынан Кадамжайга 23 миңге жакын адам эвакуацияланып келген. Арасында кош бойлуу келиндер да бар.16-сентябрда кечке жуук Бишкектен Баткенге 67 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Анын ичинде азык-түлүк, күнүмдүк жашоодо эң керектүү буюмдар бар.