14нөн 15-февралга караган түнү Асель Жанарбек кызы дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат чыккан. Издөө иштери 1 айдан ашып, 18-мартта Асель Жанарбек кызынын жансыз денеси табылган.
Санарип көз карандылык. Бул азыркы коомдо кичинесинен тартып, чоңуна чейин тиешелүү көйгөй. Тактап айтканда, телефонду тиктеп, социалдык түйүндөрдөн чыкпай, гаджеттерди ашыкча колдонуу чүрпөлөргө дагы кедергисин тийгизүүдө. Кесепетинде бөбөктөрдүн тили кеч чыгып, менталдык жактан өнүгүүсү кечеңдеп
Москванын жака белиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кол салууда эки кыргызстандык жабыркаганы тууралуу маалымат тактала элек.
Кыргызстанда Charge fast же “Тез заряд” компаниясына акчасын алдаткандар арбын экени ачыкка чыкты. Бүгүнкү күндө милицияга 600дөн ашуун арыз түшкөн. Бишкектин Биринчи май райондук милициясы финансылык пирамиданы уюштурууга шектелип беш жаран убактылуу кармоочу жайга камалганын билдирди.
Ажарышкан айымдар боюнча жакында эле өкмөт башчы Акылбек Жапаров дагы билдирүү жасап, кыз-келиндердин жүрүм-турумун көзөмөлгө алууга үндөдү.
Кыргызстанда карапайым элдин турмушун жеңилдетип, тазалык ишканасын түзүп, үйүн бала бакчага берип, фитнес борбор ачып, бала бакча курдуруп, жол салдырган айымдар бар. "Азаттык" атайын Ошко сапар тартып, жигердүү айымдардын жетишкендерин тартып келди.
Кыргызстанда Пакистандан иштөө үчүн келгендердин саны көбөйүп жатат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча соңку жылдары төрт миңге жакын пакистандык Кыргызстанда иштөөгө уруксат алган. Бирок соңку учурда иш издеп келип, алданып калган чет өлкөлүктөр да бар. "Азаттык" ушул окуяны териштирди.
Кыргызстанда кыздарды турмушка эрте узаткан адат тыйыла элек. Алсак, акыркы эки айдын ичинде эле Ош облусунда үч учур катталган.
Өзгөн күрүчүнүн рак илдетин алдын алуудагы касиетин иликтөө, ылай сууну жөнөкөй ыкма менен чыпкалоо, колдо бар каражаттар менен чаң сордургучту курап алуу. “Эже-сиңдилер” берүүсүндө илимий чөйрөнү багынтып жаткан же болбосо окумуштуу болом деп талпынып турган кыздар менен маек курабыз.