"Азаттыктын" кабарчысы.
Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин “Аманат” поэтикалык ырлар жыйнагынын, “Ак таңдагы ак бата” аттуу китебинин бет ачары болду. Китеп 1000 нускада чыкты. Төкмө акын быйыл 20-апрелде 42 жашында дүйнөдөн өткөн.
Кыргызстанда театрлар карантинге жабылганына жарым жылдан ашты. Мамлекеттик театрлар социалдык тармактарда өз репертуарындагы спектаклдерин жайылтышууда.
Кыргызстанда совет заманынан калган мамлекеттик китепканалар бүгүн да иштеп жатат. Алардын эң ирилери баш калаада жайгашкан.
Социалдык тармактар акындардын ырларын жайылтууда жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө.
"Ак Шоола" балдар хорунун ар бир баласы өзгөчө кылыктары, кыймылы менен көрүүчүлөрүн суктантып келет. 35 жылдык тарыхы бар топто комуз, скрипка, пианино сабактары өтүлөт. "Ак Шоола" хор искусствосунда классикалык өңүттөн чыгып, театралдык хорду түзө алган топ.
Миграциядагы акын Нарсулуу Гургубаеванын «Көз мончок», «Алыстагы ак жарык» аттуу ыр жыйнактары бар. Ал Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн. Учурда Москва шаарында жашайт жана иштейт. «Азаттык» 16 жылдан бери сыртта жүргөн акын менен баарлашты.
705 аттуу жаштардын чыгармачыл тобу жаңы спектакль койду.
705 аттуу чыгармачыл топтун демилгеси менен «Уя» спектакли вербатим жанрында көрсөтүлдү. Бул жанрдагы спектаклдер толугу менен монологдордон же жөнөкөй адамдардын диалогунан турат, аларды актёрлор көрөрмандарына айтып беришет.
Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык билим берүү колледжи 1966-жылы ачылган. Окуу жай мектеп жана бала бакчада сабак берүүчү мугалимдерди даярдап чыгарат. Учурда бул билим уясынын абалы кейиштүү абалда. Окуу куралдары, музыкалык аспаптар тартыш. Анысы аз келгенсип курулуш компанияларынын бири
Өлкөдө кыргыз тилдүү бир гана “Нуска” китеп дүкөнү бар. Дүкөндүн текчесинде миңден ашуун китеп тизилип турат. Арасында окуганга жарабай тургандары да бар. Китептердин баасы 30 сомдон башталып 2000 сомго чейин сатылат. Кыргыз китептерин саткан дүкөндүн ачылыш тарыхы жана учурдагы абалы тууралуу видео
Жазуучулар союзу эмнеге адабият чөйрөсүндө стимул берүүчү, авангард уюм боло албай жатат? «Азаттык» жүргүзгөн сурамжылоого бир катар акын-жазуучулар, окурмандар катышты.
Кыргызстанда соңку жылдары маданият, шоу-бизнес тармагында жүргөн чыгармачыл кыз-келиндер хижаб кийгенин, намаз окуй баштаганын байма-бай жар салууга өтүштү. Бул алардын руханий изденүүсүбү же коомдогу диндешүү тенденциясын ээрчигениби?
Жакындан тартып бир катар кыргыз акындарынын ырлары «РухЭш» сайтына караштуу «Нуска» котормочулар тобунун демилгеси менен түрк тилине которулуп келатат.
«РухЭш» сайты «Ою жатык, тили жетик муун үчүн» деген аталыш менен балдар адабиятын өнүктүрүү багытында уюштурган сынактын жыйынтыгын чыгарды.
Кыргыз мамлекеттик М. Жангазиев атындагы куурчак театры 82-театралдык сезонун ачууну пландап жатат. Театрдын артисттери "Күнөстүү коён", " Үйдө ким кожоюн? " аттуу спектаклдерин карантиндик чектөөлөр токтогондо бөбөктөргө тартуулашат.
Акыркы 5-10 жыл аралыгында Кыргызстанда дем берүүчү китептерди окуган жана издеген жаштар көбөйдү.
Быйыл шайлоо алдындагы үгүт иштеринин убагында коомдук иш-чараларды өткөрүүдө көчөлөрдө, стадиондордо концерттерди, театрлаштырылган оюн-зоокторду, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынды.
Жаңы окуу жылында балдардын аралыктан билим алуусуна айрым ата-энелер каршы болуп жатышат.
Кыргызстанда быйыл мамлекеттин эсебинен китеп басып чыгарууга 16 миллион сом бөлүнүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
“РухЭш” сайты кезектеги «XXI кылымдагы кыргыз адабияты» аттуу сынактын жыйынтыгын чыгарды.
Дагы жүктөңүз