"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Ушул тапта Кытайдан жүк тарткан жүздөн ашык автоунаанын айдоочулары Ат-Башы районунун аймагындагы таразага тартуу бекетинде үч күндөн бери токтоп турат.
"Азаттыктын" апта түрмөгү бул ирет үй-бүлө, туугандар арасындагы мүлк талаш тууралуу болмокчу.
Жогорку Кеңеште кыздарды эрте күйөөгө берүүнү ооздуктоо үчүн мамлекеттик каттоодон өтмөйүнчө нике кыюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, талкууланып жатат.
Бул ирет “Азаттыктын” кабарчылары өлкөдө дайыма көйгөй жаратып турган тиричилик таштандыларынын күңгөй-тескейин жер-жерлерден териштирип, аны чечүүнүн жолдорун сураштырып көрүштү.
Ростов-на-Донуда учак кырсыгынан каза болгон Жылдыз Насирдинованын жакындары учурда суук кабар угуп, ыйлап отурушат.
Нарында салбуурун оюну боюнча республикалык мелдеш өттү. Эки күнгө созулган бул мелдешке 70тен ашык тайганчы, 40ка чукул мүнүшкөр жана 25 жаачы катышты.
Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну Айнура Эсеналиеванын алты баласынын биринин көзү начар көрөт, экинчиси жакшы баса албайт.
Тоолуу Нарын облусунда малдан түрдүү дарт жугузгандар азайбай келатат. Бруцеллез, эхинококкоз өңдүү ички органдарды ириңдеткен дартты жуктургандар арасында жаш балдар да бар. Элге мындай оорулардын коркунучу, малды эмдөө керектигин түшүндүргөндөр жокко эсе. Ошондой ишти Ак-Муз айылда жашаган Талант
Жаңы университет студентти күтөт
Курал колдонуунун коопсуздук эрежесин сактабагандан улам Жумгал районунда өспүрүм теңтушун атып алды. Алгачкы териштирүү иштери жүрүүдө.
Кезектеги апта темасында кылмыштын акыркы кездери күч алган уурулук көйгөйү тууралуу сөз болот. Кабарчыларыбыз жер-жерлерде күч алган уурулуктун себептерин, кесепеттерин талдашат.
Нарында кайын сиңдисинин бир жарым жаштагы баласын сабап өлтүрдү деген шек менен 38 жаштагы төрт балалуу аял камакка алынды.
Күйөөсү койгон өрттөн катуу жабыркаган 22 жаштагы келин эсине келе албай жатып көз жумду.
Карызы үчүн электр зымын кесип жаткан кезде Кочкор районунун Кара-Суу айылынын 62 жаштагы тургуну жүрөк оорусу кармап каза тапты. Электриктер болсо муну жөн гана дал келүүчүлүк деп эсептешүүдө.
Нарын шаарында көз жарган 14 жаштагы өспүрүм кыз жана анын ара төрөлгөн ымыркайы азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Хоккей сүйүүчүлөрдүн мыктысы аныкталды
Соңку жылдары кыргызстандык кыздар арасында гуманитардык багытка ыктап, киреше булагы жогору, абройлуу деп саналган техникалык кесиптерден оолактагандар арбыды.
Кыргызстанда күнөскана иштетүүгө кызыккандар көбөйдү. Чакан күнөсканадан түшкөн каражат кризис шартында үй-бүлөлүк бюджетке кошумча киреше алып келген жакшы бизнес болууда.
Учурда Нарында кыштын чилдеси күчүндө. Суук сыртка чыкылдап турганы менен, Нарын шаарынын тургуну 65 жаштагы Калыйкул Ырысалиевдин күнөсканасында роза гүлү жаркырап гүл ачып жаткан кези. Башкалардан айырмаланып жер-жемиш эмес, гүл өстүргөн багбандын күнөсканасында учурда 600 түп роза гүлү бар.
Дагы жүктөңүз