Нарын шаарында салынып жаткан Борбор Азия университети 29-февралда ачык эшик күнүн уюштурду. Алгач жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге Ага Хан өнүктүрүү түйүнүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакха университет тууралуу айтып берди. Андан соң шаардын 200дөн ашуун тургуну окуу жайдын курулуш иштери, анда кимдер, кантип окуй алары тууралуу маалымат алышты.