"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы окуучулар жаңы окуу жылында айылдагы үйлөрдө окуганы жатышат. Быйыл жазында айылда жаңы мектептин курулушу башталган. Бирок ушул күндөрү анын пайдубалы да бүтпөй турат.
Орусияда абактан ары согушка кеткен 27 жаштагы жигиттин жакындары сотко арыз жазып, үй камагына чыгарууну өтүнгөн эле. Бөрүгул уулун күч органдары “жалданмачылыкка” шектүү катары кармашкан.
Байтемировдордун үй-бүлөсү Ат-Башынын алыскы Ак-Сай өрөөнүнө жыл сайын мал багып, жайлап келет. Азыр алар 500дөн ашык кой, бир үйүр жылкы жана он чакты уй багып жатышат. Алыскы жайлоонун бир күнү тууралуу айтып беребиз.
Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндө союз маалында салынган малчылардын маданий борборунда ушул күндөрү бирин-серин гана киши калды.
Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Кел-Суу (Кел-Суу, жергиликтүүлөр Көл-Тетири деп да аташат) көлү соңку беш жылда туристтер сүйгөн жайга айланды. Деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктиктеги көлгө дүйнөнүн булуң-бурчунан коноктор келип, кооздугуна суктанып жатышат.
Ушул күндөрү Нарын шаарынын ички көчөлөрү оңдолуп, асфальт төшөлүп жатат. Бирок шаар тургундары иштин сапатсыз жүрүп жатканына нааразы. Анткени оңдолгонуна бир ай боло элек көчөлөрдөгү алфальт чөгүл, кайра аң-чөнөктөр пайда болуп жатат.
Нарында “Шырдак” фестивалы өттү. Ага Кыргызстандын бардык облустарынан уздар келип, кол эмгектерин көзгөзмөгө коюшту. Иш-чаранын максаты кыргыз шырдагын дүйнөгө таанытууга багытталган.
Германиянын Киль университетинин окумуштуулары Нарында илимий долбоорду ишке ашырууда. Алар климаттын өзгөрүшү картөшкө менен көп жылдык чөпкө кандай таасирин тийгизип жатканын иликтешүүдө.
Кочкордогу Исакеев айылынын тургундары Акылбек менен Айжан кыштакта такачы жубайлар катары таанымал. Алар 15 жылдан бери аттын такасын жасап, эриш-аркак оокатын өткөрүп келет.
Нарын районунун Таш-Башат айылынын тургундары жаратылышка аяр мамиле жасап, жашыл климатка ыңгайлашып жашоонун жолун тапкан. Айылдын аялдары эски кийимден жасалган буюмдарын көргөзмөгө коюшса, мектеп окуучулары экотеатр уюштуруп, чакан айылда экологиялык майрам өттү.
Нарын мамлекеттик университетинин демилгеси менен быйыл жыл башында Ак-Талаага күндүн нуру менен жылыган имарат салынып, китепкана катары пайдаланууга берилди. Бул иштин башында турган университеттин ректору Эрмек Байбагышов күн нуру менен үйдү жылытууну жайылтуу аракети менен жүрөт.
Жумгалдын Миң-Куш айылындагы уран калдыктарынын көчүрүлө башташы элеттиктердин тынчын алууда.
Жумгал районунун Кырчын айылында 100дөн ашык киши жашайт. Айылда мектеп жоктугунан 30дай бала төрт чакырым жер басып, коңшу айылга жөө-жалаңдап барып-келип окушат. Кырчында оорукана, бала бакча да жок. Бул кыштак деңиз деңгээлинен бир жарым миң метр бийиктикте турат.
22 жашында кыргыз-тажик чек ара жаңжалында курман болгон Жеңишбек Иманбековдун сүйлөшкөн кызы анын бир тууган иниси Дүйнөбек менен баш кошкон. Жаш жубайлар азыр Жеңишбек туулуп- өскөн Жумгалдын Миң-Куш айылында жашап жатат.
Эшек минип, кадимки көк бөрүгө түшкөн жумгалдык чыт курсак балдар быйыл кышында интернетте кызуу талкууланды. Алар чоң оюндун эрежеси менен ойноп, ич ара мелдеш уюштуруп жибергенге да жетишти. Алардын ар биринин келечекте өлкөгө таанылган атактуу көкбөрүчү болсом деген кыялы бар.
"Азаттык" былтыр март айында Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну он балалуу Асел Сатарованын түйшүгү тууралуу видео тарткан. Ал окуядан кийин баатыр энеге кол сунгандар болуп, демөөрчүлөр үй салып бермей болушкан. Бир жыл өткөндөн кийин Сатарованын үйүнө барып кабар алдык.
Жумгал районунун Ак-Көл айылы 30 жылдан бери электр жарыгы жок жашап келет. Кыштакта мектеп оорукана тургай, телефон байланышы да жок. Бишкектен 400, райборбордон 50 чакырым алыс бул кыштакта учурунда 500гө чукул калк жашаган. Азыр айылда 50гө жетпеген гана киши калды.
Дагы жүктөңүз