"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Соңку жылдары Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттар түрдүү себептер менен мекенине массалык түрдө кайтып келүүдө. “Данисте” бул жолу мекенине кайткан мигранттардын жашоосу, өз жеринде эмне менен алектенип жатканы тууралуу баяндайт.
Кыргызстанда өткөн кылымдын 1930-жылдары совет бийлигине каршы Нарындын Ат-Башы аймагында козголоң чыккан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов үй камагына чыкканы белгилүү болду. Жети айдан ашуун УКМКнын тергөө абагында жаткан Матраимовду бошотуу өтүнүчүн УКМКнын тергөөчүсү келтиргени маалым болду.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тил каты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан чыгарылды. Биринчи май райондук соту Матраимовдун иши 11-ноябрда каралып, жогоркудай чечим чыкканын 13-ноябрда билдирди.
“Данисте” бул жолу Баткен облусунун Ак-Терек айылынан журт которууга аргасыз болгон экологиялык мигранттар тууралуу айтып берет. 300дөй түтүн жашаган айылдын 10% чукулу талкаланган үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон.
Соңку жылдары Кыргызстанда сел, жер көчкү, суу ташкындары баштаган табият кырсыктары байма-бай катталууда. Мындан улам ондогон адамдар үй-жайын таштап, коопсуз аймактарга аргасыздан көчүүдө.
Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Баткендин Кара-Бак айылы - аймактагы эң ири калктуу конуштардын бири.
Кыргызстандын мектептеринде ушул тапта 1000дей мугалимдин орду бош экени айтылууда. Билим берүү министрлиги алардын ордун жогорку курстун студенттери жана мугалимдерге ашыкча сааттарды берүү менен чечип жатканын билдирип келет. Кадр тартыштыгынын ар түрдүү себептери бар.
“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому быйыл алтын өндүрүү убактылуу азайып жатканын билдирди. Мунун себебин казылган рудаларда алтындын үлүшү төмөн болуп жатканы менен түшүндүрдү. Ушундай эле көрүнүш былтыр да катталган.
"Азаттык" Украинадагы согушка кеткен бир нече каармандын кайгылуу окуясын баяндоо менен Орусиянын түрмөлөрүндө мигранттарды кан күйгөн кармашка айдоо дагы эле уланып жатканын көрсөтөт. Белгилүү себептерден улам берүүдө сүйлөгөн каармандардын жүзүн жаап, атын өзгөртүп беребиз.
Кыргызстанда археологиянын артынан түшкөн окумуштуулардын жана ага кызыккан жаштардын саны аз экени айтылып келет.
Чүйдүн жака белиндеги айылдарда талаа жумуштарында жалданып иштеген бир нече топтор бар. Алардын көпчүлүгү аялдар. “Данистенин” бул жолку чыгарылышында Сары-Өзөндүн кең талаасында кечке жаны тынбай иштеп, жалданма жумуш менен жан баккандар тууралуу айтып беребиз.
Чүйдүн жака белиндеги айылдарда, жайкысын талаа жумуштарында жалданып иштеген бир нече топтор бар. Алардын көпчүлүгү аялдар. “Данистенин” бул жолку чыгарылышында Сары-Өзөндүн кең талаасында аптапка карабай керелден-кечке жаны тынбай иштеп, жалданма жумуш менен жан баккандар тууралуу айтып беребиз.
Ысык-Көл облусунун аймагындагы “Бедел” өткөрмө бекети жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиптеги убактылуу шарттар түзүлүп, ишке берилди.
Жогорку Кеңеш эки айлык эс алуудан кийин ишке киришти. Алдыда талаш-талкуу жараткан бир катар мыйзам долбоорлору турат. Бул чакырылышта 20дай депутат ар кандай жагдайда мандатын тапшырды. Бул парламент канчалык өз алдынча бийлик бутагынын милдетин аткарып жатканы тууралуу суроолорду жаратты.
Ушул күндөрү Кыргызстандын аймактарында оруп-жыйноо мезгили кызып турган учур. Эл эгин чаап, малга тоют камдап жатат. Бул кезде комбайнчы менен тракторчуларда тыным жок. «Данисте» берүүсүнүн кезектеги каарманы - Жумгал районунун Эпкин айылынын 70 жаштагы тургуну Жамила Тойчубекова.
Кыргызстан менен Кытай "Бедел" бажы өткөрмө бекетин сентябда ачууга даярдык көрүүдө. Ал ачылса Барскоон-Үч-Турпан-Аксу автоунаа жолу да ишке кирмекчи. Бул кыргыз-кытай чек арасындагы үчүнчү автожол багыты болуп калат.
Кыргызстанда соңку жылдары балык өстүрүү кадыресе бизнеске айланды.
Калкынын дээрлик үчтөн экиси элетте жашаган Кыргызстанда акыркы жылдары шаарлашуу агымы күчөдү.
Жаз жана жайдын башы Кыргызстандын ар кайсы аймагында эл жайлоого көчүп жаткан маал болот. Жайлоого көчүү - бул бир жагы төрт түлүк мал менен тиричилик кылган элеттиктер үчүн муктаждык, экинчи жагы көчмөн элдин маданиятындагы табиятка мамиленин көрүнүшү.
Дагы жүктөңүз