Орусия Украинадагы согуш майданга салган түндүк кореялык күчтөрдүн сапаты күмөн жаратат. Бирок украин армиясынын коргонуусун бузуп өтүү үчүн алардын саны жетиштүү болушу мүмкүн.
АКШнын сотунда орусиялык Александр Ионовдун ишинин алкагында анын ФСБнын 2-кызматындагы кураторлору менен жазышкан ондогон барак каттары ачыкка чыкты. Ионовдун "тоголок каттары" менен Орусияда бир катар көз карандысыз медиа "чет элдик агент", эл аралык уюмдар "жагымсыз уюм" деп таанылган.