"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Бишкектин “Ынтымак” конушунда көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Буга жергиликтүү тургундар нааразы. Жашоочулар жерде жарака барын, эки кабаттан өйдө үйлөрдү курууга мурда уруксат берилбегенин айтууда.
Жекшембиде өлтүрүлгөн Тоолуу Бадахшандын бейрасмий лидери Мамадбокир Мамадбокировдун тажыясы болду. Москвада бала багып жүргөн тестиер кызды мекенине алып келишет. Temirov Live каналы милициянын Болот Темировду "кармоо операциясын" иликтеди.
Улуттар Уюмунун баш катчысы Тоолуу Бадахшандагы кырдаалга тынчыздануусун билдирди. Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск аймактарында Орусиянын армиясы 20-майда чабуулдарын күчөттү.
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы "атайын операцияда" бийлик айткандан алда канча көп адам набыт кеткени маалым болду. Эл аралык Кызыл Чырым комитети Мариуполдогу “Азовсталдын” аймагынан чыгарылган жүздөгөн согуш туткунун каттай баштады.
Тажикстандын бийлиги Тоолуу Бадахшандагы "антитеррордук операция" маалында 1 офицер курман болуп, он бири жарадар болгонун билдирди. Алексей Ширшовдун маселеси кайрадан Жогорку Кеңеште көтөрүлдү.
"Азовсталь" заводунда эки айдан ашуун камоодо турган 264 украин аскери чыгарылды. Жала-Абад облусунун Терек-Сай айылында эски мектептин шыбы урап түшүп, 16 окуучу, мугалим жабыркады. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жактоочулары министрликтин алдына митингге чыкты.
Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон чоң масштабдагы көргөзмө-жармаңке менен башталып, анда өлкөдөгү туризмдин абалы талкууланды. Өкмөт быйыл бул тармакка өзгөчө көңүл буруларын, бул үчүн казынадан жылдагыдан көп каражат бөлүнгөнүн билдирди.
Зеленский куралдуу күчтөр өлкө түштүгүндөгү чабуулдардын мизин кайтарууга камданып жатканын деп билдирди. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары анын кызматтан кетишин талап кылды. Германия Кыргызстандын 15 млн еврого чукул карызын кечти.
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына жарандардын жүрүшү башталды. Анын катышуучулары шаардын "Түштүк дарбазасына" топтолуп, Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө барышты. Аянтта митинг-реквием өттү.
Жайыл районунун тургуну, ардагер Виктор Стерликов согуш башталган 1941-жылы болгону 13 жашта эле. Атасы кан майданга кетип, кайтпай калганда үч карындашы, апасын карап калган үйдөгү жалгыз уул болгон. 17 жашка толгондо кызыл армиянын катарына кошулуп, жапондор менен урушка катышкан.
Ысык-Көл облусунун аймагына күн электр станциясын куруу башталды. “Бишкек-солар” компаниясы бул үчүн 300 млн. доллар керектеп, ага Британия, Кытай жана Казакстандан инвесторлор менен өнөктөштөрдү тарткан.
Мариуполь шаарындагы «Азовсталь» заводунда миңдеген аскер жана жайкын тургундар орус армиясынын курчоосунан чыга албай турат. Бишкектин Октябрь райондук соту Ысык-Көлдө төгүлгөн цианидден жабыркаган 54 адамдын "Кумтөр Голд компаниден" кенемте төлөтүү тууралуу арызын канааттандыруудан баш тартты.
Путин Мариуполдогу "Азовсталга" чабуулду токтотууну буюрду. Бирок заводдун айлана-тегерегин "чымын учуп өтпөгүдөй кылып бөгөттөөнү" тапшырды. Иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иши тергелип бүттү. Азия чемпионатында Айпери Медет кызы алтын медаль жеңип, Азия чемпиону аталды.
20-апрелдин таңында Орусиянын күчтөрү "Азовсталь" заводуна чабуул коюуну улантты. Жогорку Кеңеш 2020-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышын бекиткен мыйзамды кабыл алуудан баш тартты. Өкмөт сырттан ташылып келген байланыш аппараттарын милдеттүү каттоону сунуштады.
Орусиянын армиясы Украинанын чыгышында «агрессивдүү аракеттерин» баштады. Өкмөт бекиткен “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоору ишке аша элек. Кыргызстандык балбандар Тынар Шаршенбеков менен Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болушту.
Орусиянын армиясы Украинанын бир катар шаарларына ракеталык сокку уруп, андан жыйырма чакты жайкын тургун курман болду. Рахмон 20 жылдын ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын 68,4% макулдашылды деп билдирди. Жапаров президенттин администрациясынын жаңы имараты тууралуу маалымат таратты.
Бишкектин “Кут” жаңы конушунун тургундары 17 жылдан бери бир дагы районго карабай, анын негизинде социалдык маселелери чечилбей келатканына нааразы.
Чек ара кызматы бүгүнтөн тартып Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө чектөөнү токтотконун билдирди. Эми кыргызстандык жарандар коңшу өлкөгө эч тоскоолдуксуз өтө алат. Бирок, коронавируска байланыштуу ПЧР-тест тапшыруу керек.
Украина президенти Владимир Зеленский армиясынын аракетин жогору баалап, бирок, жакын арада Донбасcта жана Мариуполдо айыгышкан кармаштар болушу мүмкүн экенин эскертти.
Дагы жүктөңүз