Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Коомчулук ачык шайлоого үндөдү


Элита шайлоо даярдыгына баа берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

Элита шайлоо даярдыгына баа берди

Таасирдүү саясатчылардан, коомдук ишмерлерден куралган "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы президенттик шайлоонун алдында ага даярдыктардын жүрүшүнө баа берип, саясий маданият сакталбаган учурлар көп болду деп билдирди.

Бүгүн, 13-октябрда президенттик шайлоо өнөктүгү аяктайт. Ишемби күн жымжырттык күнү деп саналып, жекшемби күнү келерки президентти шайлоо болот.

Президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү максаты менен 12-сентябрда түзүлгөн "Акыйкат шайлоо үчүн" жарандык кыймылы добуш берүүгө бир күн калганда маалымат жыйынын уюштуруп, шайлоо камылгаларына өз байкоолорун жарыялады.

Кыймылдын мүчөсү, экс-президент Роза Отунбаева Кыргызстан эгемендик алгандан бери шайлоону 12-жолу өткөрүп жатканын белгилеп, бул жагынан кошуналарга салыштырмалуу кыйла өнүгүү бар деп эсептеди:

- Азыркы шайлоого даярдык жакшы деңгээлде болду. Биз президент Атамбаевге айтышыбыз керек, биометриканы киргизгени чоң жетишкендик болду. Бул деле батыш дейбизби, чыгыш дейбизби, өнүккөн өлкөлөрдүн баарында жок. Алар дагы эле колу менен эсептешет. Бүгүн Кыргызстан ушуга жетишип, карусель жана дагы башка шайлоо учурундагы мыйзам бузуулардан арылып жатабыз.

Отунбаева талапкерлердин ичинен эки талапкердин атаандаштыгын да позитивдүү көрүнүш катары баалады.

Ошол эле учурда компроматтар согушу, административдик ресурс колдонуу, оппоненттердин саясий өнөктөшүн "бийликти басып алууга аракет кылды" деп камоо фактыларын кыймыл мүчөлөрү акыйкат шайлоого көлөкө түшүрчү көрүнүштөр катары эсептеди.

Маалымат жыйынында шайлоодон кийинки өлкөдөгү кырдаалга маани берилди. Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов бийликти күч менен басып алуу сыяктуу жоромолдордун жаралышына Ак үй өзү жол берип жатат деди:

- Казандын ичиндеги чыңалуу күчөп баратат. Бирок мен жүз пайыз ишеничтүү айта алам – баары тынч өтөт. Бул курулай сөз эмес. Биз талапкерлердин штабдары менен иштешип жатабыз. Алардын эч кандай терс ниети жок. Кырдаалды атайын кызматтардын өздөрү курчутуп жатат. Алардын айткандары чындыкка дал келбейт. Менин тажрыйбама ишенип койгула. Телефон сүйлөшүүлөрдү жарыялап, ал жакка Мадумаровду, тигини, муну, баарын кыпчып кетейин дегени бул жасалма “оюн”. Бүгүнкү күндө бийликти күч менен басып алуу коркунучу таптакыр эле жок.

Ошол эле учурда кыймылдын мүчөлөрү добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмалана турган болсо, талапкерлер сөзсүз кандайдыр бир аракеттерге барарын четке кагышкан жок.

Президенттик шайлоого ондон ашуун талапкер катышып жатат. Үгүт маалында баш тарткан эки талапкердин бири Камчыбек Ташиев КСДП партиясынан көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбековдун пайдасына, экинчиси “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев дагы бир талапкер Өмүрбек Бабановдун кызыкчылыгы үчүн жарыштан баш тартты.

Ал эми коомдук ишмер Азимбек Бекназаров акчалуулар менен колунда бийлиги барлардын шайлоосуна катышуудан баш тартарын Коомдук канал уюштурган 12-октябрдагы акыркы дебатта жарыялады. Ошентип президент болом деген реалдуу дымагы бар он киши 15-октябрда өз жеңишин күтчүдөй.

Бул аралыкта Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого даярдык шайма-шай экендигин билдирип жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын кеңешчиси Гуля Алманбетова “Азаттыкка” буларды айтты:

- Азыркы учурда БШКнын шайлоого даярдыгы жакшы. Техникалык жана уюштуруу маселелери чечилди. 2375 участок шайлоочуларды кабыл алганга даяр. Автоматтык добуш саноочу жабдыктар да даяр. 25-августтан баштап тест өткөрүп, коопсуздук чаралары текшерилди. Жалпы 5370 АСУ жеткирилди. Ар бир участокто экиден АСУ болуп, анын бири күтүүсүз жагдай түзүлгөн учурда резервде турат. Элүү сегиз өлкөдөн жана 56 эл аралык уюмдан баш-аягы 771 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү. Андан сырткары 11 өлкөнүн маалымат каражаттары Кыргызстандагы шайлоого көз салып турмай болду.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. 13-октябрдын түн жарымында үгүт иштери токтотулуп, 14-октябрь жымжырттык күнү деп саналат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG