"Азаттыктын" Бишкектеги кызматкери, журналист. Борбор Азиядагы Америка Университетинин журналистика факультетинде окуган.
Лыжа спортунун чебери кыргызстандык Максим Гордеев өлкөнүн атынан кышкы Олимп оюндарына жолдомо алган жалгыз спортчу. Ал "Азаттыкка" курган маегинде февралда Бээжинде өтчү Олимп оюндары, Кыргызстандагы тоо лыжа спорту жана Каракол лыжа базасы тууралуу ой бөлүштү.
АКШда Дональд Трамптын тарапташтарынын Капитолийди басып алуу аракети, Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо жана конституциялык референдум, Алексей Навальныйдын камалышы, Израил полициясы менен палестиналыктардын чоң жаңжалга айланган кагылышы, Ооганстанда “Талибандын” бийликти басып алышы.
Глазгодо өтүп жаткан БУУнун климат саммити Жер шарын сактап калууга багытталган “акыркы аракет” катары сыпатталууда. Ага катышкан президент Садыр Жапаров эл аралык коомчулуктун алдыда Кыргызстандын милдеттенмелерин жарыялады. Глазгого чогулган лидерлер тарых нугун бура алабы?
Быйыл кургакчылык Орто Азия чөлкөмүн катаал сыноого салды. Айрыкча Казакстандын Мангыстау облусунда тарыхта болуп көрбөгөндөй жут ушу күнгө чейин бери эле дегенде үч миңдей мал жандыктын башын жалмады. Казакстанда болуп жаткан жуттун кесепети Кыргызстанга кандайча таасирин тийгизиши мүмкүн?
Талибан кыймылы Кабулду басып алгандан кийин өткөргөн алгачкы маалымат жыйында өлкөдө аял укуктары шариятка ылайык сакталарын билдирди. Анткени менен талибдердин убадаларынан күмөн санаган аялдар да аз эмес.
Токиодогу жайкы Олимп оюндары жыйынтыкталды. Коронавирус пандемиясынан улам үзгүлтүккө учурап, бир жыл кечиккен бул оюндар тарыхта "эң катаал Олимп оюндары" катары эсте калды.
Соңку маалда кыргыз тилдүү социалдык тармактарды каптаган фейк, тролль жана боттор деген эмне, алар кантип иштешет? “Троллдор фабрикасы” жаадырган жалган маалымат менен бирөөнү каралоонун артында ким турат?
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тарапкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Бишкектеги башкы кеңсесинин алдында 31-октябрда митинг өткөрүп, аны абактан бошотууну талап кылышты.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров өлкөдө калыптанып калган саясий кырдаал боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди. Ал жаңы премьер-министрдин дайындалышы, президенттин кызматтан кетиши жана оппозициялык күчтөрдүн биригиши тууралуу өз позициясын билдирди.
2-октябрда Лондондогу «Open Democracy» басылмасы «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан парламенттик шайлоого аттанган талапкер, журналист Элнура Алканова тууралуу кеңири макала жарыялады.
Президент Сооронбай Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясындагы сөзүндө белгилүү болгондой, Кыргызстан Уюмдун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин койду. Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева президенттин эл аралык трибунадан көтөргөн маселелерин талдады.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Беларус элчисинен жаңы шайланган президент Александр Лукашенконун кыргыз экс-премьер-министри, сыртынан соттолгон Данияр Үсөнов менен жолукканына түшүндүрмө талап кылды. Жолугушуу учурунда Александр Лукашенко Урицкийге "Даниияр" деп кайрылган.
Беларуста президенттик шайлоодон кийин күч органдары нааразылык билдирип чыккандарды күч менен кууп таратууда.
Кыргызстандагы «Таза Кол» коомдук уюму Токтогул станциясында (ГЭС) суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышта жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эскертти.
“Мекен” аттуу көркөм тасманын бет ачары "YouTube" каналынан 31-июлда коюлат. Бир нече мекеменин өкүлүнөн турган комиссия көрүп чыккандан кийин сын айтылып, тасманын айрым жерлери кесилген.
“Мекен” аттуу көркөм тасма кинотеатрларда көрсөтүлбөйт. Ал эми тасманын бет ачары "YouTube" каналынан 31-июлда коюлат. Режиссерлордун айтымында, мамлекеттеги коррупциянын, паракорчулуктун бетин ачкан тасманы көрсөтүүгө мамлекеттик органдар ачыктан ачык тоскоолдук жаратууда.
Аймактарда өз алдынча дарылануу, медиктерге орой мамиле кылган көрүнүштөр байкалууда.
Талас облусуна коронавирус илдети кеч жетти. Көптөр буга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ырааттуу иши себеп болгонун белгилешет.
Дагы жүктөңүз