"Азаттыктын" Бишкектеги кызматкери, журналист. Борбор Азиядагы Америка Университетинин журналистика факультетинде окуган.
Жогорку Кеңеш жана кыргыз өкмөтү Орусиянын мыйзамдарын көчүрүп алары көп айтылат. VI чакырылыштын депутаттары иштеп чыккан мыйзам долбоорлоруна кеңири анализ жүргүзгөндө чындап эле ушундай экени аныкталды.
Соцтармактардын колдонуучулары Бишкек шаардык мэриянын кызматкеринин "көп балалуу үй-бүлөлөрдү жек көрөм" деген билдирүүсүн кызуу талкуулашты.
Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары кыздарды видеого тартып жайылткан милиция кызматкерлердин жоопкерчилигин жана банктардын монополиясына жол ачкан мыйзам долбоорун талкуулап жатышат.
Акча алмаштыруучу жайлардын ишин токтотууга багытталган мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду. Демилгечи депутаттар акча алмаштыруучулар валютанын курсун олку-солку кылат деген жүйөөнү келтирүүдө. Бирок акча алмаштыруучулар буга макул эмес. Кабарчыбыз Касым Рахманкулов "Альянс" акча алмаштырууча жа
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Кыргызстанда социалдык тармактардын колдонуучулары карантинден тажай баштаганы байкалат. Алар "карантин канчага созулат?" деген суроону көбүрөөк бере баштады. Ал арада Жогорку Кеңештин депутаттары "Ат адамдын канаты" деген эстафета ойнотуп, коомчулуктун сынына кабылды.
Жаз келип, талаа иштери башталгандан бери Интернет колдонуучулар айылдардагы торолгон жолдор, казылган аңдар дыйкандардын ишине кедергисин тийгизип жатканын социалдык тармактарга байма-бай жазышууда.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Вашингтон киргизген визалык жана миграциялык чектөөлөрдүн маңызын кеңири чечмелеп берип, аны чечүү жолдору тууралуу "Азаттык" радиосу менен маектешти.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу "Азаттык" радиосуна маек курду.
Активист Тынчтык Жанадыл бир жылдын ичинде эки миңдей мектептин дааратканаларынын абалын текшерип чыккан.
Бишкектеги «Cambridge School» тил үйрөтүүчү мектептин директору, Нигериянын жараны Али Тижжани Абубакарды өлтүрдү деп шектелген адам 7,5 жылга кесилди. Алинин атасы Тижжани Абубакар уулун өлтүргөн адамды кечирип, милицияга тосмо арыз жазып берген.
Бул боюнча мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлду.
Бириккен Улуттар Уюмунун азчылыктар маселеси боюнча атайын баяндамачысы Фернан де Варен Кыргызстанга келип, баяндамасын жарыялады.
18-декабрда “Коррупцияга каршы жана сөз эркиндиги үчүн” деген ураан алдында Бишкекте акция өткөнү жатат.
Кыргызстандагы үч басылманы сотко берген Матраимовдордун жактоочусу Татьяна Карыжинская Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, доо арыз жөнүндө маалымат берди. Карыжинская журналисттердин биринчи иликтөөсүнөн кийин Матраимовдор маселени медиация жолу менен чечүүгө аракет кылганын айтууда.
Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигине жетекчи болуп дайындалган Рита Карасартова "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Сидней технологиялык университетинин журналистика факультетинин деканы Моника Аттард Кыргызстанга келип, Борбор Азия университетинин студенттери менен тажрыйба бөлүштү.
Бишкектеги «Антошка» кафесинде өрт чыгып, анын айынан болгон жарылуудан бир киши мерт болду. 13 адам жаракат алып, баары ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Анын маалыматына ылайык, жабыркагандардын үчөө балдар. Алар дарыгердин кароосунан кийин үйлөрүнө жөнөт
Кыргызстанда аңчылыкка тыюу салуу мыйзам долбоору колдоо тапкан жок. Экологдор ал арада аркар-кулжа менен кошо ак илбирс да азайып жатканын айтып келишет. Табияттагы тең салмактуулуктун бузулушу кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн? Сиз аңчылык жогорку даражалуу адамдардын бизнеси деп ойлойсузбу?
«Дата илими иликтөөгө чоң жардам берет»
Дагы жүктөңүз