"Азаттыктын" Бишкектеги кызматкери, журналист. Борбор Азиядагы Америка Университетинин журналистика факультетинде окуган.
Чехия парламентинин спикери Ян Гамачек баштаган делегация Бишкектин Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отко" гүл коюу аземине катышты. Курамында жети депутат, ондон ашык ишкери бар делегация бүгүн кыргыз-чех бизнес форумуна катышып, ал жерде делегация башчысы сөз сүйлөдү.
Кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялдык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү - Үркүн жөнүндө жаш муун канчалык деңгээлде кабардар экенин билүү максатында "Азаттык" жаштарга микрофон сунду.
Таластык уздардын колунан чыккан буюм-тайымдар чет өлкөлүк кардарлардын кызыгуусун арттырууда. 2015-жылы Италиядагы жарманкеге катышып, ал жактын талабын изилдеп келишкен уздар быйылкы жармаңкеге да даярданып жатышат.
Кыргызстанда руханий өксүктү толтуруу жолун динден издеген кыз-келиндер арбыды. Муну атынчалардын эле эмес, эркек аалымдардын дарсын угууга ынтызар ислам жолундагы аялдардын саны өскөнүнөн байкоого болот. Ушу тапта диний аалым, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун дарсын угууга жума сайын 300-500 чам
Акыркы убакта ата мекендик дизайнерлер тиккен кийимдер көптөрдүн кызыгуусун жаратууда. Жергиликтүү айымдарды дизайнерлер бренддери жана баалары менен тартып жатат. Кыргызстандык моделдердин акыркы коллекциялары менен "Азаттыктын" кабарчысы Жибек Бегалиева таанышып келди.
Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрүндө 8-март майрамын утурлай гендердик теңчиликке арналган жөө жүрүш өттү. Акция Курманжан Датканын айкелинин жанында флеш-моб менен уланып, Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында митинг менен аяктады.
“Ата Мекен” партиясынын активисти, 2010-жылы 6-апрелде Таластагы облустук бийликти басып алууну уюштургандардын бири Дуулат Турдуналиевдин президентке жолдогон видео кайрылуусу социалдык тармактарга тарады.
Ошто Ак калпак күнүнө карата 500 жигит катышкан флешмоб өттү. Ош шаарынын мэри ак сакалдарга, мекеме, ишканалардын кызматкерлерине ак калпак кийгизди. Бишкектиктерди майрамы менен аскердик үйлөмө аспаптар оркестри куттуктады.
58 жашында биринчи жолу компьютерге олтурган Тынычбек Анарбаев азыр интернеттен акча табуунун бир нече жолдорун билет. Ал "Азаттыктын" көрармандарына кеп-кеңештерин берип, өзүнүн уникалдуу окуясы менен бөлүштү.
Баткенде 1-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген адам апасы жана кызынын көмөгү менен жашоосун улантып келет. Бирѳѳгө сүйөнүп күн кечирген бул жаранга мамлекет тарабынан пенсиядан башка жардам жок.
Бишкекте мектептен тышкары балдарды окутуунун жаңы технологиялары пайда болууда. Ушул тапта эсепти оозеки чыгартууга үйрөткөн менталдык арифметика сабагы балдардын кызыгуусун арттырууда.
Жалал-Абад шаарында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишиндеги жер казуу жумушуна дээрлик аялдар тартылган. Эркектер болсо таштанды жүктөп, арыктарды тазалашууда. Күн сайын 8 саат кол менен жер казып, 10 миң сомдун тегерегинде акча алган аялдар жумуштун оордугуна карабай иштеп келишет. Орточо жаш кура
Барон дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда жорго салышта дүйнө чемпиону аталган. 56 жолу жарышка түшүп, 47 жолу биринчи болуп келген жорго тууралуу тасманы сунуштайбыз.
Кыргызстандык кол өнөрчүлөр жасаган улуттук буюмдар дүйнөлүк базарларда сатылууда. Бирок алар көпчүлүк учурда Казакстандыкы деп сатылып келет.
Бишкекте Кыргыз балетинин чолпон жылдызы Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленип жатат. 22-февралда Опера жана балет театрында улуу бийчинин урматына эл аралык конференция өтүп, хореографиялык искусствонун азыркы өкүлдөрү концерт беришти.
Журналист жана саясат талдоочу Турат Акимов өзүнө болгон кол салуунун артында ички иштер министри Мелис Турганбаев турганын айтууда.
Базар-Коргондун Арстанбап айылында АКШнын Колорадо жана Айдахо штатынан келген туристтер мектеп курагындагы балдарга тоодо лыжа тепкенди үйрөтүүдө. "Кыргызстанга кайтуу" долбоорунун алкагында чет элдик туристтер 20 балага өздөрү менен бирге лыжа тебүүчү каражаттарды ала келишип, жумасына эки жолу то
Ошто өзүнүн бир жаштагы наристесин өлтүрүүгө аракет жасаган келин кармалды. Ош милициясы ал аялга адам өлтүрүүгө аракет жасаган деген айып такты. Укук коргоочулар болсо баласына кол салган келиндин күйөөсүнө да укуктук баа берүүнү талап кылышууда.
Орусияда өздөрүн “патриот” деп атаган топтун колуна түшкөн кыргыз кыздардын дагы бир видеосу чыкты. Тасмада кыргыз жигиттер эки кызды суракка алып, алар эмне үчүн азербайжан улутундагы жигиттер менен кафеге келгенине жинденишкен. "Азаттык" бул тууралуу Москвадагы мигранттардын пикирин сурады.