"Азаттыктын" Бишкектеги кызматкери, журналист. Борбор Азиядагы Америка Университетинин журналистика факультетинде окуган.
2010-жылдын 6-апрелинде элдик толкундоолор алгач Нарын шаарында башталып, кийин Таласта уланган.
Бишкектин чыгыш тарабында курулган "Махмуд Кашгари" атындагы мечиттин ачылышына Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнутдин, Кыргызстандын диний аалымдары, бийлик өкүлдөрү катышты. 2014-жылы башталган мечиттин курулушун "Илшат" коомдук фонду каржылаган. Баш калаада жүзгө жакын мечит бар.
Тажикстандын Мургабынан келген Курбанали Коңкобаев этникалык кыргыздарга кайрылман күбөлүгүн алып берүүгө жардам берип келет. Эки жылдан бери ага кайрылган 100 адам кайрылман макамын алып, Кыргызстанга биротоло көчүп келген. (Видеону "Азаттыктын" практиканты Элвира Акимова тартты)
Ушул күндөрү дүйнөлүк акча апталыгы өтүүдө. "Азаттык" шаар тургундарына "акчаны көбүнчө эмнеге сарптайсыз?" деген суроо узатты.
Бактыгүл Ракымбаева кичинекей кезинен эле Манас айтып баштаган. Бирок анын ата-энеси "кыздар Манас айтпайт" деп анын өнөрүн тыюуга аракет кылган. Дал ошондой мамиле Бактыгүлдүн феминист болушуна түрткү берген. (Видеону "Азаттыктын" практиканты Элвира Акимова даярдады).
Нооруз майрамына карата уюштурулган Көк бөрү боюнча Бишкекте жана Ошто өткөн мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданындагы финалдык таймашта Оштун "Достук" жана Таластын "Ынтымак" командалары беттешти. Оюнга берилген негизги убакыт 7:7 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кош
Бишкектин четинде авиакырсыктан жабыркаган Дача СУ айылынын тургундары элди коопсуз аймакка көчүрүү жана кырсыкка жоопкерлерди таап жазалоо талаптары жазылган кайрылуу кабыл алышты. Президентке, спикерге жана өкмөткө жолдонгон кайрылуу он беш пункттан турат жана талаптар он күн аралыгында аткарылыш
Активисттер Кыргызстандагы аялдардын укугу тиешелүү деңгээлде корголбой жатканын белгилешип, аялдарга карата зомбулукту токтотуу, дискриминацияга жол бербөө сыяктуу талаптарды айтышты.
Бишкекте TechWomen деп аталган ири IT форум болуп өттү. Анда Твиттер, ЛинкдИн, НАСА жана Хитачиде жетекчилик орундарда иштеген айымдар кыргызстандык кыздарды технология жаатында адистешүүгө үндөп шыктантты.
Бишкекте спорттук бута атуу комплекси ачылды. Каалоочулар клубга келип, пневматикалык тапанчадан ок атканды үйрөнсө болот. Келечекте клуб эл аралык мелдештерди уюштуруп, Казакстан жана Орусиядан машыктыруучуларды чакырууну пландоодо.
Баткендеги көркөм-сүрөт интернатында 50 окуучу төрт партаны ары-берип ташып билим алышат. Өнөркана мектеби облустук бийликке жардам сурап кайрылганы менен азырынча эч майнап чыга элек.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев союз урагандан кийин "китеп сатып байыгам" деп айтып келет. "Азаттыктын" кабарчысы президент саткан китептердин бирин таап, китеп сатып байып кетүү мүмкүнбү деген суроого жооп издеген.
Учурда кинотеатрларда көрсөтүлүп жаткан "Апамды издеп" тасмасында башкы каармандын ролун ойногон актер Азамат Уланов "Азаттыкка" маек куруп берди. Тасмага тартылуу сунушу Азаматка алгач Казакстандан түшкөн. Сунуштан баш тарткан жаш актер андан көп өтпөй мекенинде белгилүү боло алды.
Кыргыз өкмөтүнүн Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин экономикабыз көтөрүлөт деген үмүтү акталбай тескерисинче артка кетти.
Дээрлик беш саатка созулган тергөө сурагынан кийин Жоргорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Аида Салянова Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынан чыгып, ал жерге чогулган элүү чакты тарапташтары менен кездешти. Аида Саляновага юстиция министринин милдетин аткарып турган кезде, 2
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
Бишкектин бир бурчунда АКШ президентинин аты коюлган кафе бир нече жылдан бери иштеп келет. "Азаттыктын" кабарчысы Барак Обаманын кызматтан кетүүсүн утурлай, Бишкектеги "Обама Гриль" деп аталган кафеге барды. Обаманын кызматтан кетиши менен кафе Трамптын атын алабы, кандай өзгөрүүлөр болот деген сур
16-январь күнү таңга маал жети жаштагы Жакшылык Шералиев көзүн ачканда эле үйүнүн урандыларын көрдү. Шералиевдердин үй-бүлөсүнөн Жакшылык гана аман калган: анын 26 жаштагы ата-энеси, эки карындашы Сокулук районундагы Дача-СУ айылында учак кырсыгынан каза табышты.
Дагы жүктөңүз