"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы.
Акыркы маалыматтар боюнча зилзаладан каза болгондор 2 миңден ашты. Дагы 2000ден ашуун киши жараат алды. Алардын көпчүлүгүнүн абалы оор.
Ички иштер министрлиги жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго "Фейсбукта жазган посту аркылуу улут аралык кастыкты козуткан" деген негизде кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Активист 30-июнда түнкү саат 11ге чейин, андан кийин 1-июлда ИИМдин Тергөө кызматына сурак берип чыкты.
Бишкектин таштанды полигону жайдыр-кыштыр түтөп, тегерегиндеги төрт конушка ыш тарайт. Бул конуштардын арасынан полигонго эң жакыны - Алтын-Казык конушу. Мындагы үйлөр санитардык зонада курулгандыктан, мыйзамсыз курулуш деп эсептелет. Конуштун тургундары - ички мигранттар.
Арыз түшкөн материалды 24 сааттын ичинде өчүртүп салуу же сайттын ишин үзгүлтүккө учуратуу мүмкүнчүлүгү 2021-жылы пайда болду. Парламент дароо үч окууда кабыл алып, президент кабыл алган мыйзамдын таржымалы кандай? Жана эмне үчүн эл оозунда "Гүлшат Асылбаеванын" мыйзамы деп аталып жүрөт?
Эркин медианы опузалаган Илимбек Исраилов ким?
Эркин медиага байланышкан эки митингдин айырмасы жана максаттары кандай? Фейсбук, Твиттер жана Инстаграмда эң кызуу талкуу жараткан посттор жана реакциялар.
Баткенге жардам: ыктыярчылар күнү-түнү иштөөдө
Ханыша Елизавета IIнин каза болгонуна байланыштуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинде да аза күтүп жатышат. Каалоочулар атайын ачылган китепке ханышага коштошуу сөздөрүн арнап жазып, британ элине көңүл айтууда. Элчиликтин алдындагы мамлекеттик туулар да түшүрүлдү.
Президент Садыр Жапаров 2-сентябрда бир катар коомдук жана саясий ишмерлерге сыйлык тапшырды. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку наамы беш кишиге ыйгарылды. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бул наамга дагы кимдер татыган?
Москвадагы “Печатный экспресс” басмаканасындагы каргашага алты жыл болду. 2016-жылдын 27-августтагы өрт кырсыгынан 17 адам, анын ичинде Кыргызстандын 14 жараны каза болгон. Буга байланыштуу басмакананын башкы директору 2,5 жылга, башкы инженери 3,5 жылга жатак абагына кесилген.
Абдималик Эгембердиев кайдыгер эмес жарандардын тобу менен бирге Кыргызстан боюнча он жасалма мөңгүнү ишке киргизүү аракетинде. Мөңгүлөр күн жылыганда эрип, жайыттарга жан киргизип, айдоо жерлердин сугат суусун камсыздайт.
"Ала качуу" тасмасы "Оскардын" кыска тизмесинде. Режиссер менен маек
Бишкекте 2012-жылдан бери биринчи жолу коомдук транспорттун жол киреси кымбаттады. Кичи автобустардын айдоочулары жайында тарифтердин өзгөрүшүн талап кылып нааразычылык акциясына чыгышкан. Аларга жаңы баа саясаты убада кылынган.
Бишкектин Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги бийик кабат үйдүн көркү ачылды. Жергиликтүү арт-тайпа демөөрчүлөрдүн колдоосу менен балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын ири сүрөтүн тартышкан.
Кыргызстанда паракорлук жана бюрократияны сындаган комедия тартылды
В Кыргызстане за последние сутки выявили 1292 новых случая заражения COVID-19 с учетом внебольничной пневмонии. С начала июля возросли случаи заражения COVID-19 и количество погибших от него.
"Раритет" китеп дүкөнүнүн аянты аукционго коюлду. Мамлекеттик мүлк фонду аукционду июнь айына белгилеген. "Раритеттин" Ала-Тоо аянтындагы дүкөнү мамлекеттик имараттын ичинде жайгашкан.
Бишкектин 11-кичи районунда жашаган Сагит Сулейманов кошуналарынын сүймөнчүгү. Ал жашаган үйдүн короосуна отургучтарды орнотуп, куштарга жана тыйын чычкандарга жем салгыч да жасап койгон.
Дагы жүктөңүз