"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы.
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
18 жаштагы Кайраттын кулагы начар угат. Учурда киного тартылып жатат. Кыргызстанда майыптыгы бар жарандардын колу-буту соо, акыл-эси толук болуп турса да, жумушка орношуу өтө татаал.
Кышкы маалда эң популярдуу багыт – тоңуп калган Ара-Көл, Орто-Токой суу сактагычы жана Көк-Мойнок каньондору.
Кыргызстанда шайлоо жана референдум өнөктүгү кызып баштады. Өлкөнүн 2474 шайлоо тилкелеси эртең мененки 8:00дө ачылды.
Бишкекте 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында 14 саат 27 мүнөт «Манас» айтты. Сыдыков «Манас» айтууну Бишкектин Ала-Тоо аянтында эртең менен баштап, кечинде аяктады. Ал 14 сааттан ашык наар албай өнөрүн тартуулады.
6-ноябрда Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Жогорку Кеңештин имаратынын айланасындагы темир тосмолорду ала баштады.
Жогорку Кеңеште 28-октябрда президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров жаңы министрлер кабинети менен чогуу ант берди.
Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) караштуу маалымдоо жана үгүт иштерин көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун парламенттик шайлоого "талапкер" деген макамын жокко чыгарууну сунуш кылган.
Бир катар саясатчылар шайлоо алдында бир партиядан экинчисине секирип, мандат алуунун айласын издейт. Саясий ишмерлер, партия лидерлери санаалаштарын таштап, такыр башка тарапка өтүп кетиши мүмкүн. Парламенттик шайлоо алдындагы «саясий миграцияга» назар салалы.
Кыргызстандын айрым интернет колдонуучулары «Тамашоунун» резиденти чыгарган видеого нааразы. Блогер кыздар жооп катары видео тартышты.
4-октябрдагы парламенттик шайлоого бараткан «Мекенчил» саясий партиясы 13-августта кезексиз курултайын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды.
Бул жолку шайлоо мурдагылардан кескин айырмаланып, оппозициялык маанай күч алган, калайман каршылык акциялар көбөйгөн маалда өттү.
Толкун Рахматова – Бишкектин чет жакасындагы жалгыз фельдшер. Оорукчан күйөөсү жакында пневмония жугуп, каза болду. Аны дарылатуу үчүн үй-бүлөнүн тапкан акчасынын баары кеткен. Эми төрт балалуу жесир келин темир контейнерде күн кечирүүгө аргасыз.
1-августта жарык көргөн “Мекен” тасмасы социалдык тармактарда “инвесторлорго каршы маанай түздү” деп айыпталууда.
Талас облусунун жетекчисинин кеңешчиси катышкан жол кырсыгында жабыркаган адам ооруканада көз жумду. Укук коргоо органдары айдоочу мас болгонун тастыкташты. Велосипедчи 26 жашта эле, ал дүкөндөн үйүнө кайтып келаткан. Анын туугандары соттон адилеттүү өкүм талап кылышууда.
27-июлда Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Жаңы жетекчи көпчүлүккө кандай сапаттары менен таанымал?
Өздөрүн “шаарман” деп атаган Бишкектин урбанисттери бир ай бою шаардагы добуштарды изилдешти.
Президент Сооронбай Жээнбековдун 21-июлдагы ыктыярчылар менен жолугушуусун мамлекеттик гана ЖМК өкүлдөрү чагылдырган. Factchek.kg порталынын журналисттери сереп
Кыргызстанда коронавирус пандемиясында дары-дармек табуу машакатка айланды.
9-июлда президент Сооронбай Жээнбековдун коронавирус эпидемиясына байланыштуу өлкө калкына кайрылуусу жарыяланган. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары видеонун алдына "like" белгисине караганда "dislike" көп басылып жатканына көңүл буруп, улам сүрөтүн жарыялап турушту.
Дагы жүктөңүз