Дин таануу боюнча эксперт. Бир нече илимий иштердин автору. "Азаттыктын" "Биз жана дин" берүүсүнүн алып баруучусу.
«Азаттык» радиосунун «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында дүйнөлүк диндердин эң алгачкысы болгон буддизм жөнүндө сөз кылабыз.
«Азаттык» радиосунун «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында Дүйнөлүк жоолук күнүнүн тарыхын, анын өлкөбүздө кандай деңгээлде белгиленип жатканын, коомдогу жоолук, хижаб маселелерине байланышкан көйгөйлөрдү талкууладык.
2019-жылы диний чөйрөдөгү тенденцияга эксперт Канатбек Мурзахалилов сереп салат.
Кыргызстанда бир динден экинчи динге өткөндөргө карата коомдо сабырсыз мамиле курч бойдон калууда.
Динде аялдардын илимдин түрдүү бутактарында эмгектенишине чектөө болбосо да, көп учурда айымдарга мамиле анын тетирисин көрсөтүүдө.
Дин философиясы деген эмне жана ислам философиясынын негиздери дегенди кыргыз коомчулугу кандай түшүнөт?
Муфтиятка аялдар бөлүмүн ачуунун зарылдыгы жана Жакыңкы Чыгыштагы качкындар лагеринен кыргызстандык аялдарды алып келүүнүн күңгөй-тескейин талдайбыз.
Кыргызстанда жаштар арасында динге ыктагандар менен катар агностикалык көз карашка оогондор да көбөйгөнү байкалууда.
«Биз жана дин» түрмөгүндө АКШда жашаган мусулмандардын укуктары, аларга коомдун мамилеси жөнүндө маекти сунуш кылабыз.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов муфтияттын ишмердиги жөнүндө ой бөлүштү.
«Биз жана дин» түрмөгүндө мусулмандардын Умра зыяраты, шарттары жана талаптары тууралуу кеп кылабыз. Умра Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларында аткарылат.
Бул жолу «Жахабанын күбөлөрүнүн» тарыхына, диний окуусу менен идеологиялык негиздерине, уюмдун жүргүзгөн иш-аракеттеринин алкагында анын оң жана терс жагдайларына токтолобуз.
«Биз жана дин» түрмөгүн диний ишмер, агартуучу жана ойчул Молдо Нияздын таржымалына арнайбыз.
Эксперттер чыр-чатактардын алдын алуудагы диний толеранттуулуктун ролун талдоого алышты.
Мусулмандардын дүйнө цивилизациясына кошкон салымы жана ислам дүйнөсүндөгү илимий ачылыштардын солгундап кеткени жөнүндө көп сөз кылса болот.
Адамдын экстремизм жана радикализмге азгырылып калышында үй-бүлөнүн жана чөйрөнүн таасирин талдайбыз.
«Биз жана дин» түрмөгүндө дүйнөдө чуулгандуу диний кыймыл катары белгилүү «Биригүү чиркөөсү» жөнүндө сөз кылабыз.
Кыргызстандагы диний кырдаалга араб өлкөлөрүнөн, Түркия жана Пакистандан келген жааматтар кандай таасирин тийгизет?
Борбор азиялык дин аалымы Абу Бакр Мухаммед ибн Абу Сахл Ахмед Ас Сарахсий (имам Сарахсий) диндин өнүгүшүнө, илимге кошкон салым жөнүндө маек.
Терроризм менен диндин айкалышы дүйнөнүн, анын ичинде Кыргызстандын да негизги маселелеринин бири болуп турат.
Дагы жүктөңүз