Эксперт Канатбек Мурзахалиловдун суроолоруна америкалык имам, «Цивилизациялардын кызматташтыгы жана алмашуусу» фондунун президенти, коомдук ишмер Мухаммад Башар Арафат жооп берет.
Канатбек Мурзахалилов: - Маегибизди «Америка Кошмо Штаттарындагы исламдын коомдогу орду, мусулмандардын бүгүнкү күндөгү абалы кандай?» деген суроодон баштасак.
Мухаммад Башар Арафат: - Өзүмдүн «Цивилизациялардын ортосундагы мамилелерди түзүү жана маданият тармагындагы алмашуу» боюнча программамдын негизинде Кыргызстанга келгениме сыймыктанып отурам. Америкада жашап жаткан мусулмандар үчүн ушундай программа түзүү, аны ишке ашыруу абдан маанилүү. Америка дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчундагы өлкөлөргө, Африкада болобу, Азиядабы, же башка жерде болобу, Америкада жашап жаткан мусулмандар көпүрө катары ушундай программаларды ишке ашыруу аркылуу башка мусулмандар менен алака түзүшүн абдан каалайт. Анткени ушул тажрыйба бүгүнкү күндө абдан керектүү. Чыгыш менен Батыштын ортосунда болгон чыңалууну жакшы жолдор менен жеңилдетет. Бул нерсе, бул философия мен үчүн абдан маанилүү. Өмүрүмдү ушуга арнадым. Бирин бири тааныбастык өзөктүк курал согушунан да жаман.
Тигил же бул динди тутунгандардын бири-бирине кенебестик менен мамиле кылышы абдан жаман нерселерге жетелейт. Бул негизинен согушка, социалдык кагылышууга да алып барышы мүмкүн. Бул жагынан алып караганда болуп жаткан нерселер абдан коркунучтуу деп айтат элем. Ошондуктан мен Америкада жашап жаткан мусулман катары ушул программаны түзүүнү, аны ишке ашырууну бирден-бир милдетим деп билем.
Кудайга шүгүр, Алланын буйругу менен Америкада жашап жаткан элдер, ошонун арасында мусулмандар абдан бир азаттыкка, эркиндикке ээ болуп жашашат. Ошого мен ыраазымын. Америкада жашап жаткан мусулмандар өздөрүн өнүктүрүүгө шарттары бар үчүн күн сайын өздөрүнүн өнүгүүсүнүн үстүнөн иштеп жатышат.
Бүгүнкү күндө АКШда мусулмандардын саны сегиз миллиондон он миллионго чейин жетет. АКШнын ар бир аймагында, ар бир жеринде жашашат.
Канатбек Мурзахалилов: - Жалпы эле исламга тиешелүү түрдүү стереотиптерден улам Америка коомунда исламофобдук көз караш же болбосо исламды жактаган адамдардын ортосунда карама-каршылыктар байкалабы?
Мухаммад Башар Арафат: - Ооба. 2001-жылы Нью-Йоркто болгон окуяны 9/11 деп коебуз. Албетте, ал маанилүү нерсе. Америкада ал «бурулуш чекит» деп эсептелет. 9/11 чейинки мусулмандар 9/11 кийинки мусулмандардан айырмаланат. Бир топ жашыруун нерселер 9/11ден кийин ачыкка чыкты. Кээ бир адамдар ошол окуяны өздөрүнө исламофобияны өнүктүрүү багытында буруп алды деп айтсам болот. Башка топтор, алардын арасында академиялык топтор окуядан соң исламды окуп, абдан жакшы таануу процессин башташты. Кээ бир адамдар 9/11 деген окуяны өздөрүнө курал катары кабыл алып, мусулман дүйнөсүнө каршы чыгууга колдонушту деп айтсак болот. Ошонун натыйжасында Ирактагы согуш башталганын айта кетет элем. Бирок кээ бир адамдар «исламды дин катары терең билсек, терең изилдесек» деген максатта программаларды, долбоорлорду түзө башташты.
Америкадагы көп университеттер өздөрүнүн программасына ислам таануу сабагын киргизип, исламды жана мусулмандардын жашоо-шартын, исламга байланыштуу нерселердин баарын терең билип келе жатышат. 9/11ден кийин коомдо чыңалуу деле болду. Бирок Обама президенттикке келгенден кийин аны баары кичинеден нугуна түшүп, чыңалуу жоголо баштады. Мамилелер жакшы жагына бурулду.
Канатбек Мурзахалилов: - Америка Кошмо Штаттарындагы демократия, адам укуктарынын корголушу, толеранттуулук жана маданий ар түрдүүлүк диний азчылык катары эсептелген мусулмандар үчүн кандай ролду аткарууда? «Америкалык ислам феномени» деген түшүнүктү сиз кандай чечмелейсиз?
Мухаммад Башар Арафат: - Бул жакта эки нерсени билип алыш керек. Эгерде академиялык жактагы адамдар менен сүйлөшүп атсаңар, анда алар мындай деп айтышы мүмкүн: «Исламдын Америкадагы жана ислам дининин Европадагы өсүшү, тактап айтып кетсем Европада жана Америкада ислам динин таасиринин көбөйүшү, өсүшү кандай болгон?» Анан «ислам феномени» деген нерсе кимге багытталган? Аны ошол нерсе багытталган кишилердин позициясынан чечмелеш керек. Эгерде экстремисттер бул терминди колдонсо, анда бул бир жагы. Бул «ислам феноменин» мелүүн кабыл алган топтордун мамилесинен да көз каранды.
Канатбек Мурзахалилов: - Америка коомунда азыр деле мусулмандардын кандайдыр бир дискриминацияга учураган фактылары кездешеби же аларга болгон мамиле идеалдуу мүнөздөбү?
Мухаммад Башар Арафат: - АКШнын Конституциясы кандай болбосун дискриминацияга бөгөт коёт. «Кандай болбосун» деген сөз диний чөйрөдө же болбосо раса чөйрөсүндө же улуттук жактан болобу, дискриминацияга жол бербейт. Бирок дискриминация болуп жатат, аны биз көрүп жатабыз. Ошол эле учурда мусулман уюмдар иштерин сотко чейин жеткирип жатышат. Бир эле мисалды айта кетсек - мусулмандар мечит кургусу келгенде каршылык көрсөткөн кез болот. Ошондо мусулмандарда чатакты чечүүнүн бирден-бир жолу - сотко кайрылуу. Сотко кайрылганда судья уруксат кагаздарын карап, бардыгы мыйзам түрүндө болуп жаткандыгын көрүп, чечимди алардын пайдасына чыгарат. Соттон чечилген мындай мисалдар абдан көп. Мен айтып кетет элем, «дискриминация» деген негизи чанда жолукчу нерсе. Анткени мусулмандардын өз парздарын аткарышы эч чектелбейт. Намаз окушат, ага эч ким чектөө койбойт. Аял кишилер жоолук салынат, буга да чек жок. Мусулмандык парзды аткаруу эч качан чектелбейт. Ар дайым биз мыйзам менен жашайбыз. Мыйзамда дискриминация деген нерсе жок.