Жети күн айтылган эпос
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет теaтрында Манас күнү белгиленди. Манас күнүнө карата Бишкекте жети күн бою манасчылык өнөр тартууланды. Ага аймактардан келген 15 чакты манасчы катышты. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору 2013-жылы Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген. Өкмөттүн токтому менен 4-декабрь Манас күнү деп жарыяланган.