"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
Бишкекте калың жааган кар күрөлбөй, жылдагыдай жол тыгындарынан сырткары быйыл кулаган бактар чоң көйгөйгө айланды.
Бишкекте калың жааган кар күрөлбөй, жылдагыдай жол тыгындарынан сырткары быйыл кулаган бактар чоң көйгөйгө айланды. Төрт күн аралыгында сексенге чукул дарак тамыры менен кулап, эки жүздөй бактын бутагы сынып түштү.
Адистер соңку кезде кино тарткандар көбөйгөнү менен тасманы талдап, иликтегендер жок болуп жатканын айтууда.
Ырдагы тексттерди одоно бурмалап ырдаган эстрада жылдыздары коомчулук сынына кабылууда.
Балдардын "Карек" аттуу республикалык кинофестивалы жыйынтыкталды.
Жеткинчектердин "Карек" аттуу республикалык кинофестивалы жыйынтыкталды. Ага он эки жаштан он жети жашка чейинки өспүрүмдөр тарткан тасмалар катышып, калыстардын чечими менен тогуз номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Уюштуруучуларын айтуусунда, сынакта уткан тасмалар эми көрүүчүлөргө тартууланат.
Өзбек акыны Абдулла Арипов өткөн жумада дүйнө салды.
Кыргызстанда балдарын балет өнөрүнө үйрөтүүгө кызыккан ата-энелер көбөйдү. Мындан улам Бишкекте төрт жаштан он эки жашка чейинки балдар үчүн жеке балет студиялары ачыла баштады.
Кыргыз улуттук драма театрынын күзгү театралдык сезону уланып жатат. 8-ноябрда аталган театрда Кайрат Иманалиевдин “Коркут ата” спектакли коюлду.
Чейрек кылымдан бери унутта калган винил табактары же башкача айтканда музыка жаздырылган желим пластинкаларын кайрадан угууга болот. Бишкектик Искендер Сыдыков атайын белгиленген күндөрү сейрек музыкалык табактарды жөн эле коюп тим болбостон өткөн кылымдын музыканттары жана алардын чыгармачылыгы ту
“Бир дүйнө – Кыргызстан” даректүү тасмалардын онунчу фестивалы жыйынтыкталды. Баш байгени перулук режиссер Эрнесто Кабельос Дамиандын “Көл кызы жеңип алды. Балдардын укутуктарын коргоо боюнча мыкты тасма номинациясын “Азаттыктык” кабарчысы Айгерим Бердибаеванын “Миграция курмандыктары” тасмасы алд
Бишкекте маркум Алым Токтомушевдин "Балдарга базарлык" китебинин бет ачары өтуп, ал акынды эскеруу кечеси менен коштолду.
Бишкекте маркум Алым Токтомушевдин "Балдарга базарлык" китебинин бет ачары өттү.
Бишкекте 31-октябрда белгиленген хэллоуин майрамы соцтармактарда чоң талкуу жаратты. Алардын бир тарабы хеллоуин жаштардын жөн гана катардагы көңүл ачуучу майрамы экенин айтса, экинчи тарап бул күндү майрамдоо улуттук каада-салтка жана диний көз караштарга туура келбей турганын ырастоодо.
Тарых жана маданият жылын уюштуруу боюнча мамлекеттик дирекция жана КМШнын гуманитардык кызматташтыгы интеллектуалдардын эл аралык жыйынын өткөрүп жатат.
26-октябрдан 5-ноябрга чейин жапон жоокерлик өнөрүнүн жана музыкасынын фестивалы өтөт.
Ырчы, обончу Бек Борбиев концерт коюу үчүн Бишкектеги маданий жайлардан орун берилбей жатканын айтып чыкты. Ал социалдык түйүндөр аркылуу өкмөткө кайрылып, тымызын бут тосууну токтотууну суранды. Айрым серепчилер цензура кайтып келгенин айтышса, айрымдар ырчынын билдирүүсүн шоу чөйрөсүндөгү болуп жүргөн жарнамалык ыкмалардын бири катары баалашууда.
Үркүндүн 100 жылдыгына байланыштуу пландалган илимий иш-чаралар жыйынтыкталды. Ал эми улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн маданиятта жана искусстводо чагылдыруу жаатында сынактар, көргөзмөлөр уланууда. Бирок бул багытта өткөн иш-чаралардын дээрлик баары катуу көзөмөлдөнүп жатканы айтылып келет.
Көркөм дүйнөдө секетбай темасы элдик оозеки чыгармачылыктан уланып, заманга жараша өзгөрүп, өркүндөп келаткан темалардын бири. Айрыкча эгемендик алгандан кийин бул багыт кеңейип, бардык жанрларда учурап келет. Бирок арзуу темасын эротикалык багытка буруп, тасмаларында "ачык" сценаларды кошуп кеткен режиссерлорго, интим маселесин ырга айланткан акын, жазуучуларга карата коомчулукта көз караштар ар башка.
Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде индиялык заманбап сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды. “Индиянын заманбап искусствосунун эпикалык сапары” аттуу көргөзмөгө 15 сүрөтчүнүн элүүгө чукул эмгеги коюлду.
Дагы жүктөңүз