Иш-чарага Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусиядан 200дөн ашуун өкүл келди. Форум "Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине 25 жыл. Гуманитардык кызматташуунун өнүгүүлөрү" деп аталат.
КМШ гуманитардык кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык фонддун тең төрагасы, Орусия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой жыйындын максатын мындайча мүнөздөдү:
- Биз кечээ Бишкектен эки керемет долбоорго туш болдук. Биринчиси - кыл калем чеберлеринин сүрөт көргөзмөсү. Ал жерге Советтер союзунда жашабаган жаш сүрөтчүлөрдүн эмгеги коюлган экен. Бирок жаралган эмгектер бири-бирине жакын экени байкалып турат. Бизди толкундаткан экинчи долбоор - ар кайсы курактагы, ар кайсы өлкөлөрдөн келген актерлор жараткан Лермонтовдун “Демон” спектакли. Демек биздин бири-бирибизге болгон талабыбыз – бул саясатчылардын ойлоп тапканы эмес. Бул - сүрөткерлердин, элдин талабы.
Илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын форуму КМШ мамлекеттер аймагында жыл сайын өткөрүлүп келаткан ири гуманитардык иш-чаралардын бири. Мында биргелешип жасалган иштердин пландары, билим, илим жана маданият, туризм, спорт жана жаштар иштери сыяктуу маселелер талкууланып келет. Биринчи форум 2006-жылы өткөн.
Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциянын жетекчиси Султан Раев быйыл Бишкекте өтүп жаткан жыйындын чоо-жайына мындайча токтолду:
- Ушул сапардагы форум негизинен КМШ мамлекеттеринин эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган. Биз бүгүн, эртең эгемендүүлүктүн постсоветтик өлкөлөрдөгү мааниси, анын проблемасы тууралуу талкуу жүргүзөбүз. Бул жерде катышып жаткандардын көпчүлүгү илимий адамдар, тарыхчылар, саясатчылар, ошондой эле көркөм интеллигенциянын өкүлдөрү. Демек бизди ортодо бөлүшө турган ойлор көп.
Бүгүнкү жыйында “Дебюттардын шериктештиги” Эл аралык жаштар сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылып, катышуучулардын гуманитардык кызматташтык тууралуу ой пикирлери айтылды.
Форумдун айрым катышуучулары гуманитардык кызматташтыктын өнүгүүсү үчүн көптөгөн аракеттер керек деген пикирде. Мисалы, академик Аскар Какеевдин айтымында, учурда КМШ өлкөлөрүндө илимий жана чыгармачыл интеллигенция айрым жагдайлар боюнча бир пикирге келиши зарыл:
- Негизинен мамлекеттер, уюмдар, мекемелер ортосунда жалпы байланыштар бар. Бирок бул байланыштарды дагы да тереңдетүү керек. Байланышты тереңдетүү эки багытта жүрүш керек. КМШ өлкөлөрүнүн бир кезде чогуу жетишкен ийгиликтерибиз бар. Мисалы, Кыргызстандын окумуштуулары Советтер Союзу учурунда Айга барып конгон космостук аппараттын Ай кыртышын бурап ала турган бургуну ойлоп табышкан.
Какеевдин айтымында, учурда мындай илимий табылгалар орток интеллектуалдык менчик болушу шарт. Ошол эле учурда Кыргызстанда колдонулуп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн окумуштууларынын табылгалары да жалпы байлык болуп эсептелиши керек.
Жыйынга катышып жаткан Казакстандын Улуттук музейинин директору Дархан Мыңбай Какеевдин пикирин улап, КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык кызматташтыгын арттырууда ар бир элдин тарыхый окуяларына да астейдил маани берилиши керек дейт:
- Бул кызматташтык форуму ошондо гана чоң кадыр-баркка жетет. Бул жерде 1916-жылдагы улуттук азаттык кыймылы жөнүндө да сөз болушу керек. Казак, кыргыздын андан башка да тарыхый окуяларына анык баа берилиши шарт. Ошондо гана КМШ мамлекеттери бирин-бири таанып, урматтай баштайт. Бул жерде кайсы бир мамлекетти же улутту тандап кароого болбойт. Бул жерде ар бир улуттун көтөргөн маселесин башкалары колдоп, ал маселени азыркы эгемендиктин чегинен алып баасын бериши шарт. Ошондо гана бул форумдун маңызы артат. Антпесе кызматташтыктын өмүрү кыска болот.
Дархан Мыңбай дүйнөдө динге, саясатка байланышкан терс окуялар арбып турган учурда гуманитардык кызматташтык менен мамлекеттердин биримдигин арттырууга болот деген ойдо.
Форумдун жүрүшүндө “КМШ мейкиндигинде маданий диалогду өнүктүрүү”, “Шериктештиктин жалпы мейкининде билим берүүнүн кол жеткистиги жана сапаттуулугу”, “Евразиялык интеграцияда жаштардын ролу”, “Туризм бул - интеграциялык процесстерди тездетүүчү фактор” темалары талкууланууда.
26-октябрда башталган форум 28-октябрда жыйынтыкталат.