"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
Белгилүү тележурналист жана жазуучу Бөкөнбай Боркеев 70 жашында каза болду.
Бишкекте Катар мамлекетинин маданият күндөрү өтүп жатат. 10-майда башталган иш-чара 12 майга чейин уланат. Анда катарлык өнөрпоздор маданий иш-чараларды тартуулап, бермет өндүргөн, кеме жасаган кол өнөрчүлөр каалоочуларга устаттык тажырыйбаларын үйрөтөт. Ошондой эле концерт жана илимий-чыгармачыл ж
Акындын үйү акыркы жолу мындан он жети жыл мурун оңдолгон. Кийинки жылдары тамдын чатырынан жаан өтүп, шыбынын айрым жерлери түшүп, полу чирий баштаган. Ага күбө болгон жаштардын ыктыярчылар тобу жаз алды менен үйдү оңдоп-түзөө боюнча демилге көтөрүп келет.
Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко жөнөткөн каражат эсеби такталып бүтө элек.
Акын Алыкул Осмоновдун үй-музейи тез аранын ичинде оңдоп-түзөөгө муктаж болуп турат.
“Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук бирикмеси Ататүрк сейил багына көлөмдүү шахмат фигураларын койду.
Эл жазуучусу, Токтогул сыйлыгынын лауреаты Кеңеш Жусупов 80 жашка чыкты.
ЮСАИД Маданият министрлигине балдар китептери үчүн 18 миллион сомдук сертификат берди.
21-апрелде Сот аткаруу департаменти менен Мамлекеттик цирктин кызматкерлери цирктин жанында жайгашкан мейманканада көп жылдан бери мыйзамсыз жашап келаткан отуздан ашуун үй бүлөнү күч менен чыгарууга аракет кылышты.
Бишкекте “Учур” жаштар театры даярдаган “Чек ара” спектаклинин бет ачары өтүп жатат. Спектаклде Борбор Азияда эки башка өлкөдө жашаган достордун басып өткөн жолу, андан кийинки тагдыры, алардын бири-бирине болгон урмат-сыйы, эгемендик жылдарындагы чек ара көйгөйү чагылдырылган
Кыргызстанда болуп өткөн ыңкылаптар тууралуу салмактуу чыгармалардын жоктугу сындалып келет.
Кыргызстанда колумбиялык жазуучунун “Полковникке эч ким кат жазбайт” аттуу жыйнагы жарык көрдү.
Илимдер академиясында акыркы беш жыл аралыгында ойлонуп табылган илимий иштердин көргөзмөсү өттү.
Нурлан Насип менен Самара Каримова бирге аткарган ыр плагиат маселесин талкууга чыгарды.
Кыргыздын туңгуч улуттук операсы “Айчүрөк” кыргыз сахнасында жаңы жасалга, жаңы курам менен менен кайрадан коюла баштады. Мында актерлордун кыймыл-аракетинен тарта, алардын сахна кийимдерине чейин өзгөргөн. Үчүнчү жолу жаңыланып, көрүүчүлөргө тартуулана баштаган спектаклдин бет ачары аншлаг менен өттү.
Нооруз майрамына карата бүгүн Бишкектеги “Супара” этнокомплексинде "Сүмөлөк-2017" фестивалы уюштурулду.
Кыргыз улуттук академиялык драма театрында акын Бактыгүл Чотурованын "Тумар ханыша" аттуу пьесасы үч күн бою аншлаг менен өттү. Бул байыркы сактардын ханышасы – кадимки даңазалуу Томирис (Тумар) тууралуу коюлган тарыхый спектакль. Театр ишмерлери эпикалык жанрдагы пьесанын драматургиясы, режиссурасы, актерлордун ойногону тууралуу жакшы пикирлерин айтышты.
Бишкекте Берлинале фестивалында дүйнөлүк бет ачары өткөн режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы жабык көрсөтүлдү. Ага жергиликтүү кино күйөрмандары жана Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Тасмадан кийин режиссердун катышуусунда талкуу өтүп, анда көрүүчүлөр “Кентавр” тасмасы у
16-мартта режиссер Алижан Насировдун "Ата-Бейит" даректүү тасмасынын бет ачары болот.
Кыргызстандын тарыхын окутуу боюнча кыска метраждуу видео роликтер тартылды. Кыргыз элинин жана мамлекетинин эки миң жылдык тарыхын камтыган визуалдык көрсөтмө жыйырма сериядан турат. Тасма ар бир көрүүчүгө түшүнүктүү боло турган графикалык жана анимациялык ыкмалар менен ишке ашкан.
Дагы жүктөңүз