Нооруз майрамына карата бүгүн Бишкектеги “Супара” этнокомплексинде "Сүмөлөк-2017" фестивалы уюштурулду.
Иш-чараны өткөрүп жаткан "Кыргыз тилектештиги" коомдук бирикмесинин теңтөрайымы Элнура Кулуева "Азаттык" радиосуна билдиргендей, майрамдык иш-чара үчүн 41 кой союлуп, 41 казанга сүмөлөк кайнатылууда: - Сүмөлөк фестивалында казандар кайнап, токочтор бышып, баталар тиленди. Кырк уруудан өкүлдөр келди. Андан тышкары Тажикстандан, Өзбекстандан этникалык кыргыздар, Казакстандан коноктор келишти.
Сүмөлөк кайнатуу салтанатына каалагандар күбө болуп, оюн-зоокко катышып, көңүл ачып кетсе болот.
Фестивалда сүмөлөктөн башка кыргыздын улуттук тамак-аштары да жасалууда. Ошондой эле кыргыздын ыр-күүлөрү жаңырып, түрдүү улуттук оюндар өтүүдө.
Сүмөлөк майрамы Бишкекте былтыр да уюштурулуп, 11 казанда бышырылган.
Дагы жүктөңүз
"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан.